Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 22- февралы № XIX/ I
Кызыл Белес айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жыл ичинде бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылдагы бюджеттине толуктоо өзгөртүүлөрдү киргизүү; Күн тартибиндеги маселе боюнча маселени карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан Кадыралы айылындагы майда жандыка кой-эчкиге 2018-жылдагы тарифи 12 сомдон болуп бекитилсин, жана улак-козу, тай, торпокко жайыт акы алынбасын, жана бодо малдарга жайыт акысы мурдагы баасында 45 сомдон калтырылсын.
2. Кызыл Белес айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесине 2018-жылдын апрель айынан баштап ноябрь айына чейин сырттан мал алып келип чабандарга кошкондор жайыт пайдалануучулар бирикчесине жайыт акы төлөшсүн, жана жайыт билеттери жок болсо, малдарын чабандар алууга жол берилбесин.
3. Кызыл Белес айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесине 2018-жылдын апрель айынан баштап ноябрь айына чейин сырттан мал алып келгендердин малын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт билеттери жок жана Кадыралы айылындагы жеке ветеринардык вет серфиздердин уруксат кагаздары жок малын чабандар алса, жайыт пайдалануучулар тарабынан жана жеке ветеринардык вет серфиздин мыйзамдарынын негизинде чабандарга штраф салынсын, жана чабандарга жайыт пайдалануучулар тарабынан алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Кызыл Белес айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикчесинин жетекчиси А. Шергазиевге милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Абдылдаевге тапшырылсын.
Төрага | У. Турдубеков |