Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-мартындагы № XX/I
АРИС программасы аркылуу келүүчү долбоордун негизинде Кызыл Белес айыл
аймагынын Кадыралы айылынын күн чыгыш тарабындагы Турдубек Чодукеев көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги № 4-01-12-1001-0259 контурундагы 0,20 сотых жер аянтчасын муниципалдык вет сервиз жана вет аптека ачуу максатында
Күн тартибиндеги маселе боюнча маселени карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС программасы аркылуу келүүчү долбоордун негизинде Кызыл Белес айыл
аймагынын Кадыралы айылынын күн чыгыш тарабындагы Турдубек Чодукеев көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги № 4-01-12-1001-0259 контурундагы 0,20 сотых жер аянтчасын муниципалдык вет сервиз жана вет аптека ачуу үчүн жер үлүшү бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде укуктук нормативдик документтерин берүү жагы Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Абдылдаевге тапшырылсын.
Төрага | У. Турдубеков |