Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели №6-1
Мектеп курууга жер ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 12.03.2018-жылдагы протоколуна таянып, Жашасын-2 айылындагы жаңы конуштарга көчүп келген тургундардын социалдык маселелерин чечүү максатында Жашасын-2 айылынын айыл башчысы Н.Баракановдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашасын-2 айылынын социалдык маселелерин чечүү максатында калтырылган жерден 1 га жер аянты мектеп курууга ажыратылып берилсин.
2. План долбоорун даярдап берүү жагы Сузак шаар куруу жана архитектурасынан суралсын.
3. Жер участогун каттодон өткөрүү жагы Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |