Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели №6-2
Айыл чарба техникаларынын кызмат акы тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесин, айыл тургундары жана техника ээлери менен болгон чогулуштардын протоколдорун негизиндеп айылдык кеңештин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү депутат Ж.Айдаровдун маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу дыйканчылык жерлерин иштетүүдө айыл чарба техникаларынын кызмат акы тарифтери төмөнкүдөй бекитилсин:
жерди айдоо 2,0 миң сом (га);
малалоо эки сыйра 1,0 миң сом (га);
акушник 1,0 миң сом (га);
селка 0,8 миң сом (га);
касилка 1,8 миң сом (га);
комбайн касилка 2,0 миң сом (га);
тырмоо 0,8 миң сом (га);
пресс подборщик 14 сом (даана);
комбайн буудай-арпа оруу 3,5 миң сом (га).
2. Токтомду ишке ашырып аткаруу жагы тиешелүү айыл башчыларга жана айыл өкмөт башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |