Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели №6-3
Айыл чарба жерлерге зыян келтирген мал ээлерине чара колдонуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесин, айылдардагы айыл тургундарынын жалпы чогулуш протоколдорун негиздеп, айылдык кеңештин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү депутат Ж.Айдаровдун маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн тургундарына бөлүнүп берилген сугат, кайраакы жана чөп орок үлүш, ижара жерлерге зыян келтирген мал-кой ээлерине төмөнкүдөй айып пулдар бекитилсин:
жылкы 1000 сом (башына);
уй 500 сом (башына);
кой-эчки 300 сом (башына).
2. Токтомду ишке ашырып аткаруу жагы айыл өкмөттүн аксакалдар сотуна жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жага айылдык кеңештин айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |