Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели № 6-4
Жайыт комитети жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” 2009-жыл 26-январь №30 мыйзамынын 4-6-8 беренелерин жана 6 бөлүмүн 11.1.1 беренелерин негиздеп, жайыт комитетинин торагасы Т.Исаковдун жайыттарды пайдалануу боюнча 2017-жылдагы аткарган иштери жана 2018-жылга карата пландаштырылышы жөнүндө маалыматын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын кеңешмесинин токтомун угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2017-жылдагы аткарылган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. 2018-жылга карата иш планы жактырылсын.
3. Жайыт жерлерди тосуп, чөп орок катары пайдалангандар ар бир гектары үчүн 500 сомдон акы төлөөсү жөнүндө жайыт комитетинин сунушу колдоого алынсын.
4. Жайыт комитетинин өздүк авто машинасынын жоктугуна байланыштуу келишим менен жеке автомашиналар иштешүүгө макулдук берилсин.
5. Жайыт акы үчүн мал башына төлөө акысы өзгөрүүсүз калтырылсын, сырткы жайлоого чыккандар үчүн 50% өлчөмү сакталсын.
6. Жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражаттын салыктан тышкары калган 3/2 бөлүгү, башкача айтканда 547,0 миң сом акча каражатын жайыт комитети өзүндө сметага ылайык иштетүүгө макулдук берилсин.
7. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Исаковго милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |