Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели № 6-5
Кызыл-Сеңир айылындагы мүрзө жөнүндө
Айыл өкмөттүн аймагындагы жер көчкү коркунучунда жашаган үй бүлөлөргө турак жай куруу үчүн ажыратылган “Айыл чарба багытындагы” жерди “Калктуу конуш жерлери” категориясына өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн Токтом долбоорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 22-март 2018-жылдагы 02-5/28-3447 катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 17.05.2017-жылдагы №04-3/2000 тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча корутундусунун негизинде Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана калктуу конуш курууга жолтоо болтурбоо иш чараларын уюштуруу боюнча түзүлгөн комиссиясынын 20.03.2018-жылдагы протоколуна таянып Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан маркумдардын сөөгү коюлуучу жай корукка алынып тосулсун, сөөк коюу токтотулсун, жаңы сөөктөр жер чечилгенге чейин айылдын чыгышындагы мүрзөгө коюлсун.
2. Жаңы мүрзө үчүн 4 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. План долбоорун даярдап берүү жагы Сузак шаар куруу жана архитектурасынан суралсын.
4. Жер участогун каттодон өткөрүү жагы Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |