Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели № 6-6
Бостон айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 геграфиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, 15.03.2018-жыл Бостон айылындагы Х.Кенжаев атындагы орто мектептин күн чыгыш тарабындагы ички көчөгө Машрапов Рахманжандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү жыйналышынын протокуолун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостон айылындагы Х.Кенжаев атындагы орто мектептин күн чыгыш тарабындагы түндүктөн түштүктү көздөй кеткен ички көчөгө Машрапов Рахманжандын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Машрапов Рахманжан атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |