Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели №6-7
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
Султанов Абдурасул– Талаа-Булак айылынын тургуну, эмгектин ардагери;
Жээнбекова Кундуз– Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, Ы.Чанаков атындагы орто мектептин мугалими;
Умаркулова Чолпонай– Ак-Баш айылынын тургуну, Э.Торобаев атындагы орто мектептин мугалими;
Келдибеков Ороз– Ак-Баш айылынын тургуну, Тез жардам бөлүмүнүн фельдшери;
Сыргабаев Тешебай– Ак-Баш айылынын тургуну, эмгектин ардагери;
Давлятова Мыскал– Ак-Баш айылынын тургуну, Э.Торобаев атындагы орто мектептин мугалими;
Чанакова Чачтибек– Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, Ы.Чанаков атындагы орто мектептин мугалими;
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |