Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 7-1
АРИС долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жашоочуларын таза суу менен камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү долбоору” боюнча Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү долбоору” Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүндө колдоого алынсын.
2. Жогорудагы долбоор боюнча тийиштүү иш чараларды ишке ашырып аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |