Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 7-2
Мундуз айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 геграфиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, 15.04.2018-жыл Мундуз айылындагы МЧС участкасындагы маркум Жамалдинов Сабырбек ысымын ички көчөгө ыйгаруу жөнүндөгү жыйналышынын протокуолун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мундуз айылындагы МЧС участкасындагы мурунку пахта заводдун ичиндеги күн чыгыштан күн батышты көздөй кеткен көчөнүн оң тарабындагы 1-көчөсүнө маркум Жамалдинов Сабырбек ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Жамалдинов Сабырбек атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |