Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 7-3
Орто-Азия айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, 15-апрель 2018-жылдагы Орто-Азия айылындагы маркум Мамасалиев Дадабайдын ысымын ички көчөгө ыйгаруу жөнүндөгү жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Азия айылындагы түштүктөн түндүктү көздөй кеткен Суранбаев Камбаралы атындагы көчөнүн кире беришиндеги оң тарабына кеткен 1-көчөсүнө маркум Мамасалиев Дадабайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Мамасалиев Дадабай атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |