Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу № 8-1
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
Алдосов Ырысбай– Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты;
Нуруев Асан– Орто-Азия айылынын тургуну, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты;
Усенов Суюнбек– Орто-Азия айылынын тургуну, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты;
Тагаева Тамара– Мундуз айылынын тургуну, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты;
Кошалиева Марапат- Мундуз айылынын тургуну, ФАП мээрбаны;
Балкабаев Амиракул- Жашасын-2 айылынын тургуну, жеке ишкер;
Абдырахманов Асилбек- Таштак айылынын тургуну, эмгектин ардагери;
Алимов Асанкалый– Соку-Таш айылынын тургуну, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты;
Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |