Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 9-1
Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагында шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн участкалык шайлоо комиссияларын уюштуруу максатында, айыл өкмөттүн айылдардын жашоочуларынын жалпы чогулуштарынын протоколдорунун негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагында шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын курамы Сузак райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |