Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 9-2
Кыймылсыз мүлк объектилерин сатуунун эрежесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык, айыл өкмөттүн жер боюнча башкы адиси К.Жамашевдин маалыматынын негизинде Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектилерин анын ичинде жер тилкелерин сатууну уюштуруу максатында Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектилерин анын ичинде жер тилкелери сатуунун эрежеси бекитилсин.
2. Жогорудагы бекитилген эреже боюнча тийиштүү иш чараларды ишке ашырып аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |