Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 9-3
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
Жороев Саламбек- Таштак айылынын тургуну, эмгектин ардагери;
Мамасалиев Таир- Таштак айылынын тургуну, эмгектин ардагери;
Мамиев Аширали- Таштак айылынын тургуну, Жалал-Абад УЭП доценти;
Жусупов Бакытбек– Мундуз айылынын тургуну, жеке ишкер;
Адиев Омор– Соку-Таш айылынын тургуну, К.Абдраимов атындагы орто мектептин директору;
Эрматова Карамат– Ак-Булак айылынын тургуну, эмгектин ардагери;
Шамуратов Одилжон– Сузак райондук архитектура бөлүмүнүн адиси;
Тороканов Батырбек- Мундуз айылынын тургуну, ФАП мээрбаны;
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |