Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №48
Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндөгү маселени КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жыл 1-июндагы редакциясына ылайык алдын ала карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абылова Айтикандын менчигинде турган коду № 5-06-11-1002-0502, сериясы Ч №449788 турак жай багытындагы участкасы өнөр жай багытына өзгөртүү, таш иштетүүчү цехкурууга тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Керектүү иш кагаз документтерин даярдап берүү жагы тийиштүү башкармалыктарынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |