Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №49
Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Оморов Белекбайга ишенбестик көрсөтүү боюнча жана ишин кароо жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин депутаттары биринчи жолу 13, экинчи жолу 31 депутат кагаз жүзүндө ишенбестик көрсөтүү боюнча кол кою менен сунуш бериш ти анын натыйжасында 2018-жылдын 16-февраль күнү кезексиз XIV сессия- сында Куршаб айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) депутаттары КР «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу мыйзамынын 49- беренесинин жана Куршаб айылдык кеңешинин Регламентинин» редакциясынын негизинде Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Оморов Белекбайга 31депутаттан 29 депутат катышып, 28 депутат ишенбестик көрсөтүп бир депутат макул эместигин билдирди.
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХIV кезексиз сессиясы карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Оморов Белекбайга ишенбестик көрсөтүлдү деп табылсын.
2. Өзгөн райондук мамлекетик администрация башчысы- акими Осмоналиев Олжобай Балтабаевичтин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Жумаев Байышка тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |