Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №55
Куршаб айыл аймагында жайланышкан “Куршаб таза суу” ишканасына тийиштүү болгон курулмаларды жана жер аянттарын Куршаб айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу жөнүндө
Куршаб айыл аймагында жайланышкан “Куршаб таза суу” ишканасына тийиштүү болгон курулмаларды жана жер аянттарын Куршаб айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу жөнүндөгү маселени угуп талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин(алтынчы шайланган ) ХIV кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл аймагында жайланышкан “Куршаб таза суу” ишканасына тийиштүү болгон курулма Шагым айылындагы 1000м.куб. суу кампа 6525м.кв. жер аянты менен(узуну 87м, туурасы 75м) Куршаб айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алынсын.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, мыйзам чегинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү, муниципалдык менчикке каттоого алуу жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо”башкармалыгынан суралсын.
3. Курулмага жана жер тилкесине тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы- на тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |