Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №57
Атайын каражаттарды бекитүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн №14 А.Танатаров интернат- гимназиясынын атайын каражатын 2018-жылга бекитип берүү жөнүндөгү маселени финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХV кезектеги сессиясы талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмүтүнүн №14 А.Танатаров интернат- гимназиясынын 486 000сом акча каражаты атайын каражаттар эсебинин 2218 тамак аш статьясына бекитилсин жана КРсынын Финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгы аркылуу өтсүн.
2. Токтомду өз убагында аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |