Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №58
Медресе атын өзгөртүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн Ы.Мырзаев көчөсүндөгү медресе ысымын өзгөртүү боюнча тургундардын чогулушунун 2018-жыл 15-февралындагы протоколунун токтомун жана 2018-жылдын 28-февралындагы Ж.Апазовдун арызын Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХV кезектеги сессиясы талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж. Апазовдун 2018-жылдын 28-февраль күнү жазган арызы канааттандырылсын.
2. Куршаб айылдык Кеңешинин (төртүнчү) шайланган кезексиз 2012-жыл 13-июлдагы XXXV отурумунун №182 токтому жокко чыгарылсын.
3. Куршаб айыл өкмөтүнүн Ы.Мырзаев көчөсүндө жайланышкан медресеге мамлекеттик тилде “Имамдардын күнү” арабча котормосунда “Шамсул –Аимма”ысымы ыйгарылсын.
4. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |