Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №59
Куршаб айыл өкмөтүнүн Ардагерлер Кеңешинин сунушу жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн Ардагерлер Кеңешинин кезектеги чогулушунун 2017-жыл 18-февралындагы протоколунун токтомунун негизинде Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХV кезектеги сессиясы талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 18-февраль күнү берген Ардагерлер Кеңешинин протоколдук сунушу канааттандырылсын.
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн №387- контурдагы 7,4га жер тилкесинин түштүк тарабындагы Манас көчөсүнө жарыш жанаша жайланышкан эки жаңы ачылган, планда көрсөтүлгөн көчөлөрүнө маркум Мадымаров Маматтын ысымы ыйгарылсын
3. Көчөнү таза, оң абалда кармоо, шагыл төктүрүү, өткөөлдөрдү оңдоо, көчө белгилерин орнотуу,жарыктандырууну камсыздоо маркумдун балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |