Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №60
Куршаб айыл аймагына Кысык- Алма айылындагы жер көчкүдөн жабыркап көчүп келген тургундардын арызы жөнүндө
Кысык Алма айылындагы жер көчкүдөн жабыркап көчүп келген тургундардын 2017-жылдын 20-сентябрындагы, 2018-жыл 10-февралындагы арызын, 10.02.2018-жылдагы көчө тургундарынын протоколунун негизинде мыйзамдуу- лук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХV кезектеги сессиясы талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кысык Алма айылындагы жер көчкүдөн жабыркап көчүп келген тургундардын 2018-жылдын 10-февраль күнү жазган арызы канааттандырылсын.
2. №387- контурдагы 7,4га жер тилкесинин түндүк тарабындагы Манас көчөсүнө жарыш эки жаңы ачылган көчөсүнө маркум Мамашарипов Төлөн ысымы ыйгарылсын.
3. Көчөнү таза, оң абалда кармоо, шагыл төктүрүү, өткөөлдөрдү оңдоо, көчө белгилерин, мамычаларды орнотуу, жарыктандырууну камсыздоо маркумдун балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |