Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №62
“Нур” дыйкан чарбасын жою жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, дыйкан чарбанын типтүү уставынын, тургундардын1995-жыл 06-апрелдеги чогулушунун протоколдук кайрылуусунун негизинде Куршаб айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып чыгарган чечиминин негизинде угуп талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) Х V кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Нур” дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн жазган арызы канааттандырылып “Нур”дыйкан чарбасы жоюлсун жана керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы тийиштүү мамлекеттик бөлүмдөрдөн суралсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |