Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №63
«Айылдын ардактуу атуулу» деген наамды ыйгаруу жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият(каада салт,дин, тил) жаштар жана спортбоюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук токтомун, ошондой эле талыкпаган үзүрлүү эмгегин жана калк арасындагы абройун, аткарып жаткан иштерин Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги ХV отуруму талкуулап, карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл округунун Куршаб айылынын тургуну 1952- жылы туулган Мырзапаяз Нарматовко «Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият(каада салт,дин, тил) жаштар жана спортбоюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |