Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №67
Куршаб айыл аймагынын Куршаб, Шагым айылдарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүн балансына (муниципальдык менчикке) өткөрүп алуу жөнүндө
Куршаб айыл аймагынын Куршаб, Шагым айылдарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүн балансына (муниципальдык менчикке) өткөрүп алуу максатында Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХV кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Негизги каражаттардын мүлктүк комплекске киргизилген техникалык паспорттоштуруу Актысына ылайык:
Негизги каражаттардын баштапкы наркы- 69 675 932 сом
Негизги каражаттардын эскирүү суммасы- 26 517 110 сом
Жер участогунун суммасы - 3 735 400 сом
Негизги каражаттардын калдык наркы -43 158 822 сом
Жалпысы -46 894 222 сомду
түзүп Куршаб айыл аймагында Куршаб, Шагым айылдарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоочу системаларын өкмөтүн балансына(муниципальдык менчикке) өткөрүп берилсин.
2. Куршаб айыл аймагында Куршаб, Шагым айылдарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоочу системаларын өкмөтүн балансына (муниципальдык менчикке) өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |