Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №69
Трансформатор орнотуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Шагым айылынын Ж.Жунусов, М.Садыков, Т.Карабаев жана С.Абдыраев көчөлөрүнүн тургундарынын кайрылуусун Куршаб айылдык кеңешинин энергетика, транспорт,байланыш,таза суу,комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып жана чыгарган кортундусунун негизинде угуп талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) Х V кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Электр кубаттуулугун, тейлөө шартын жана эффективдүүлүгүн жакшыртуу максатында Кызыл Колот айылындагы № 397- трансформаторду С. Абдыраев көчөсүнө жылдырууга руксат берүү жагы Өзгөн РЭТ ишканасынан суралсын.
2. С.Абдыраев көчөсү Кызыл Колот айылынан чыккан көчө менен кесилишинен, коопсуздук нормаларына туура келген жеринен узуну 3м, туурасы 3м, аянты 9м кв. болгон жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
3. Керектелүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы тийиштүү мамлекеттик мекемелерден суралсын.
4. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин энергетика, транспорт,байланыш,таза суу,комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |