Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №70
Агроном участкасынан көчүрүлүп чыккан жарандарга Жаман Адырдан турак жай куруу үчүн жер тилкесин(үлүш жерин) трансформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин, тургундардын кайрылуусунун, жалпы үлүш ээлеринин чогулуштарынын протоколдорунун жана Куршаб айылдык Кеңешинин турак жай,өнөр жай, курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын сунушунун негизинде угуп талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХV кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаман Адыр участкасындагы 159,158-контурдагы жер үлүшүн турак жай куруу багытына өзгөртүү (трансформациялоо) мыйзам чегинде атайын түзүлгөн комиссиянын кортундусунун негизинде маакулдук берилсин жана тийиштүү жетекчиликтерден керектүү иш кагаздарын даярдоо суралсын.
2. Комиссия курамы төмөнкү депутаттардан:
Айтбаев А. , Базарбаев У., Каримов Б., Сатыбалдиев Ш., Омуралиев Ч., Кармышаков А., Ахунов Т., Калыкова А.,Калбаев К. түзүлсүн жана мыйзамдуулугун карап тийиштүү кортунду чыгарып беришсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |