Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №71
“Эл аралык толеранттуулук үчүн(ФМТ-КР)”фонду жана Сейферуорлд(Saferwold) аркылуу каржыланып жаткан долбоор үчүн жер ажыратып жана кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХV кезектеги отуруму маалыматты угуп талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Эл аралык толеранттуулук үчүн(ФМТ-КР)”фонду жана Сейферуорлд (Saferwold) демөөрчүлөр аркылуу каржыланып жаткан долбоордун алкагында коомдук уюмдар үчүн кенсе курууга жер ажыратып берүүгө мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2. Жерди мыйзам чегинде тактоо, ажыратып берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Курулуш жумуштары үчүн жетишпеген акча каражатын бюджетте калган калдык акча каражатынан кароо жагы Куршаб айылдык Кеңешинин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык Кеңешинин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу жана турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |