Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-майы №73
Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндөгү маселени КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жыл 1-июндагы редакциясына ылайык, 2018-жыл Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жылы деген президентибиздин указынын негизинде алдын ала карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХVI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абдраимова Базида Ибраимовнанын менчигинде турган коду № 5-06-11-1002-0509, 5-06-11-1002-0510 турак жай багытындагы жер участкасын өнөр жай багытына өзгөртүүгө, тагыраак айтканда: таш иштетүүчү цех, соода-сатык жана май куючу бекет(МКБ(АЗС)) багытындагы ишканаларды мыйзам талаптарына ылайык курууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы тийиштүү мамлекеттик башкармалыктарынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |