Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-майы №75
Оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн автоунаа токтоочу жай ачуу жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн тургундарынын арыз, кайрылууларын негизинде оор жүк ташуучу автоунааларга шарт түзүү, жолдун пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында жана коопсуздукту, кырсыкты алдын алуу үчүн борборлоштурулган автоунаа токтоочу жай ачуу жөнүндө маселени Куршаб айылдык Кеңешинин энергетика, транспорт, байланыш,таза суу,комуналдык чарба жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиялары алдын ала карап Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХVI кезексиз отуруму талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оор жүк ташуучу автоунааларга шарт түзүү, жолдун пайдалануу мөөнөтүн узартуу, коопсуздукту жана кырсыкты алдын алуу максатында оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн борборлоштурулган автоунаа токтоочу жай ачууга мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн тургундарынын арыз, кайрылууларындагы сунуштар мыйзам чегинде эске алынсын.
3. Оор жүк ташуучу автоунааларга коопсуздукту алдын алуу максатында тратуарларга, мектептин, мекеме уюмдун алдындагы жол бойлоруна тоскоолдук, ыңгайсыздык жаратуу менен токтотууга жана жолдун пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында ички муниципальдык жолдорго Карынбай ташы менен кирүүгө тыю салынсын.
4. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык Кеңешинин энергетика, транспорт, байланыш, таза суу, комуналдык чарба жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |