Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-майы №76
Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндөгү маселени КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жыл 1-июндагы редакциясына ылайык, 2018-жыл Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жылы деген президентибиздин указынын негизинде алдын ала карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХVI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысмайылов Жыргалбек Асилбековичтин менчигинде турган коду № 5-06-11-1002-0501, 5-06-11-1002-0450 турак жай багытындагы жер участкасын өнөр жай багытына мыйзам чегинде өзгөртүүгө макулдук берилсин
2. Таш иштетүүчү цехкурууга тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы тийиштүү мамлекеттик башкармалыктарынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |