Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-июлу № 78
Куршаб айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү аныктама акысы жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХVII кезектеги күн тартибиндеги Куршаб айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү аныктамалар акысы жөнүндөгү маселени карап,талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХVII кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айылдык Кеңешинин 21.12.2017-ж. № 39 токтомунун 10- пункту ушул токтомдун негизинде күчүн жоготту деп табылсын.
2. Куршаб айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү аныктамалар акысыз(бекер) берилсин.
3. Ушул токтомдун аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо,регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |