Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-июлу №79
Куршаб айыл өкмөтүнө Архивариус штатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 09.09.2013-ж. №499 токтому, Кыргыз Республикасынын 23.06.2012-ж. № 517 « Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу, токтомунун 2 пунктунун 2 абзацында «Мекеменин түзүмүндө мыйзамдарда белгиленген штаттык сандын чегинде мекеменин архиви үчүн жооптуу кызматкердин ордун камтыган иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын функциясы бөлүм каралсын» деп белгиленгендигин эске алып, КРнын Өкмөтүнүн 18.03.2014-ж. № 160 токтомун жана Өзгөн райондук мамлекеттик архивинин 29.01.2016-ж. чыг № 2 катынын токтомун негизинде Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХVII кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн өздүк архиви үчүн архивариус штаты каралсын.
2. Архивариустун милдеттери Куршаб айыл аймагынын жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3. Архив жөнүндөгү Жобого ылайык иш алып баруу жана документтердин сакталуусуна Архивариус Куршаб айыл аймагынын жооптуу катчысы жооптуу деп бекитилсин.
4. КРнын мыйзамдарында каралган айлык акысы менен камсыз кылуу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо,регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |