Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-январы №3
АРИСтин АИД-3 программасына даярдык, конкурска катышу үчүн иш кагаздары жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз II отурумуну АРИС прогаммасына керектүү документтерди даярдап тапшыруу боюнча жумушчу топ түзүү жана милдеттендирүү боюнча маселени карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС прогаммасына керектүү документтерди(Стратегиялык план,инвестициялык план,долбоордук сунуш, Куршаб айылдык кеңешинин токтому) даярдап тапшыруу, иштеп чыгуу жагы 28.01.2017-жылга чейин Куршаб айыл өкмөтүнүнүн башчысына жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика жана финансы,бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |