Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-январы №9
Куршаб айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга өнүктүрүү стратегиялык планын, инвестициялык планын жана сунушталган долбоорлорго керектүү документтерди даярдоо жана бекитүү жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз IV отурумуну АРИС программасы жөнүндө маалыматты угуп талкуулап Куршаб айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга өнүктүрүү стратегиялык планын, инвестициялык планын жана сунушталган долбоорлорго керектүү документтерди даярдоо жана бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга өнүктүрүү стратегиялык планы жана инвестициялык планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. АРИС программасына сунушталган долбоорлорго керектүү документтерди даярдоо жана тапшыруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө жана жумушчу топторго милдеттендирил син.
3.АРИСтин АИД-3 программасына өткөн долбоорлордун жалпы суммасынын 10(он)% дык кошумча салымы Куршаб айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы Сабытбек уулу Бактыярга жүктөлсүн.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |
Куршаб айылдык кенешинин 2014-жылдын 27-июлундагы № 91 сандуу токтому менен бекитилген.
ОЗГОН РАЙОНУНУН
КУРШАБ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 2015-2020-ЖЫЛДАР АРАЛЫГЫНДАГЫ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНЫ
Куршаб айыл окмотунун башчысы Б,Оморовдун
Кайрылуусу
Урматтуу Куршаб айыл аймагынын жашоочулары, айыл аймагыбызга кайдыгер карабаган коомчулуктун окулдору, коомдук институттар! Сиздерге жергиликтүү коомчулук, жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы тарабынан талдалып, калкты туйшолткон маселелер аныкталып, бугунку аймактын социалдык экономикалык корсоткучторуно он таасир тийгизип жаткан жагдайларды аныктап, Куршаб айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүү стратегиялык планын сунуштап жатабыз. Аймактын Стратегия планы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүнУлуттук Стратегиясына шайкеш келип, олкону ар тараптуу онуктуруудо аймактын да салымы болуусу менен мамлекеттик бийлик органдары менен оз ара аракеттенишуудо жакындан жардам берууну колго алуубуз абзел. Стратегия биздин өнүгүү максатыбыздын жыйынтыгына жана ал жыйынтыкка кантип жетүүго боло тургандыгы боюнча маалыматты камтыйт. Ошондой эле, стратегияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын миссиясы, коомчулуктун жана аймак тургундарынын биз коздоп жаткан жыйынтыктарга, максаттарга жетүүдөгү жергиликтүү бийликтин кылган иш аракеттери аныкталган.
Стратегиялык планды иштоого, мониторинг жургузууго жана тузуу процессине салым кылган бардык жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнө, коомдук институтуттарга, жергиликтуу кенештин депутаттарына ыраазычылык билдируу менен мындан ары Куршаб айыл аймагынын 2014-2017-жылдар аралыгындагы аймакты социалдык экономикалык жактан онуктуруунун стратегиялык планын иш жузуно ашырууга, Сиздер менен биргеликте койгон максаттарга бирге жетууго чакырабыз. Стратегиялык пландарды тузуудо жана стратегиялык маселелерди аныктоодо коомчулуктун окулдору, айылдык кенештин депутаттары жана аймакта оз ишмердуулугун жургузуп жатышкан окмоттук эмес уюмдар, айыл чарбасы, коммуналдык тейлоо, жеке ишкердик менен алектенген жарандарыбыз да оздорунун ойлору, сунуш пикирлери аркылуу салымдарын кошушту. Эн негизгиси, стратегиялык план аркылуу аймакка донор тартуу, донор уюмдары менен кызматташууну кучотуу маселеси да камтылып, оз кучубузго, оз потенциалыбызга демилгелеш, шериктеш жарандарды, коомдук уюмдарды, окмоттук эмес мекемелерди да тартууга бел байладык.
Стратегия коомчулуктагы, аймактагы бардык маселелерди чечпеши мумкун, бирок, биз кайсыл багытта иш алып баруубуз, ким аркылуу, кантип ийгиликке жетуубуз камтылат. Аймакта койгой коп, анын баарын камтуу кыйын. Стратегия экономикалык өнүгүүнүн эң натыйжалуу жолдорун гана аныктап, калк учун эн зарыл болгон маселелерди чечууго жана ошол маселени чечуудо коомчулуктун, донор уюмдарынын жана жергиликтуу оз алдынча башкаруунун училтигинин ролун жогорулатып, калк чечилбеген койгойун ушул стратегия аркылуу чечилерине ынануусу учун иш алып баруубуз керек. 2014-2017-жыл ичинде Куршаб айыл аймагынын потенциалы мыкты, калкынын жашоо денгээли жогору, инфраструктурасы талапка жооп берген, коопсуз, инвестициялык климаты жана бизнес тармагы онуккон аймакка айландырууга аракеттенели!
Урматтоо менен,
Куршаб айыл окмотунун башчысы; Б,Оморов
МАЗМУНУ
1. КИРИШ СӨЗ. Куршаб айыл аймагынын учурдагы абалы жана келечеги 4-бет.
2. Кыскача баяндоо10-бет.
3. Жыйынтыкка жеткен учур 14-бет.
4. МИССИЯ 17-бет.
5. АНАЛИЗДЕРДИН КЫСКАЧА БАЯДАМАСЫ20 бет.
6. СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУДА ПОТЕНЦИАЛДУУ РЕСУРСТАР 23-бет.
7. КРИТИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР 26-бет.
8. СТРАТЕГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕР – СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАР31-бет.
9. СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРГА ЖЕТҮҮ ДОЛБООРЛОРУ 32 бет.
10. ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА МОНИТОРИНГ 47-бет.
11. КОРУТУНДУ49-БЕТ.
ТИРКЕМЕ6 БЕТ.
КИРИШ СӨЗ.
Куршаб айыл аймагынын учурдагы абалы жана келечеги.
Айыл аймагы боюнча кыскача маалымат: 2014-жылдын 1-январына карата аймакта жашаган жарандардын саны -21790. Улуттук курамы боюнча негизинен кыргыздар, андан кийин озбек, орус улутундагылар ж.б.
Айыл аймагында айыл статусу бар 3 айыл жайгашкан. 1 больница 1/й-булоолук дарыгерлер борбору.7 Дарыкана 7 тиш даарылоочу болумдор 7 мекеме. 6 орто мектеп, 1 башталгыч мектеп, 1 жаштар борбору 5 бала бакча, , 2 ФАП, 1 айылдык маданият уйу, 2 китепкана, 12 айлдык мончо 1 уроончулук чарба, 1 бак чарбасы жайгашып, оз ишмердуулукторун жургузушуудо.
№ | Калктуу конуштардын аталышы | Жашаган адамардын саны |
| ||
1 | Куршаб | 18330 |
| ||
2 | Шагым | 2678 |
| ||
3 | Эрдик | 782 |
| ||
№ | Негизги корсоткучтор | маалымат | |||
1.3. | Административдик-географиялык жайгашуусу: |
| |||
| Райондун борборуна чейинки аралыгы, км менен: | 12 | |||
| Облустун борборуна чейинки аралыгы, км менен: | 53 | |||
| Жакынкы темир жол станциясына чейинки аралык, км менен: | 30 | |||
| Жакынкы аэропортко чейинки аралык, км менен: | 53 | |||
| Дениз денгээлинен бийиктиги, метр менен: | 900 | |||
|
|
| |||
1.4. | Аймагы, мин. кв. км менен | 28,6кв.м | |||
|
|
| |||
1.5. | Калкы-жалпы адам саны | 21790 | |||
| анын ичинен: эркектер-баары; | 10666 | |||
| аялдары-баары | 11124 | |||
| анын ичинен жаш айырмасы боюнча: |
| |||
|
|
| |||
| 0-6 жаш | 2681 | |||
| 7-9 жаш | 1200 | |||
| 10-13 жаш | 1117 | |||
| 14 жаш | 1350 | |||
| 15-17 жаш | 1260 | |||
| 18-34 жаш | 2059 | |||
| 35-59 жаш | 837 | |||
| 60 жаш жана андан жогору | 1644 | |||
| Аялдар-баары; | 11124 | |||
| анын ичинен жаш айырмасы боюнча: |
| |||
| 0-6 жаш | 1081 | |||
| 7-9 жаш | 827 | |||
| 10-13 жаш | 1129 | |||
| 14 жаш | 777 | |||
| 15-17 жаш | 681 | |||
| 18-34 жаш | 976 | |||
| 35-59 жаш | 756 | |||
| 60 жаш жана андан жогору | 787 | |||
Тармактар боюнча кыскача маалымат:
Айыл жана мал чарбасы. Айыл аймагынын калкы негизинен дыйканчылык менен алектенет. Элге улуштук жер катары 863 га сугат, 1957 га кайрак, 1033 га чоп ормо берилген. Кайра болуштуруу фондунун жерлери - 270 га сугат, 718 га кайрак, 81 га чоп ормо, 149 га коп жылдык бак дарак эсептелет. Жалпысы 44 трактор, 9 комбайн, 4 плушилка ж.б. техникалар аймактагы жазгы айдап себуу, кузгу ооруп жыйноо жумуштарында жакындан жардам беришуудо.
Негизги кирешеси мал чарбачылыгы эсептелген аймакта 2014-жылдын 1-январына карата 3 198 баш кара мал, 9210 баш кой-эчки, 907 баш жылкы эсептелген.
Коммуналдык тейлоо.Аймакта 313 км жол бар. Анын ичинен эл аралык мааниде 10 км, республикалык мааниде 25 км, муниципалдык баланста 69 км, айыл чарба багытында пайдалануучу200 км ашуун жол бар.
Таза суу менен калкты камсыздоо учун Куршаб таза суу ишканасы ИСКАКБлар иш алып барышат. Аймакта Шагым айылы канал суусунан,Эрдик айылдары булактан сууну колдонушса, Куршаб айылынын жарымы таза сууну скважина аркылуу,жарымы ташып колдонушат..
Калкты тейлоо. Калкты тейлоо пункттарынын саны –31. Куршаб тазалык ишканасы.Куршаб базары Куршаб мал базары айыл окмотунун жана тиешелуу кызматтардын жардамы менен иретке келтирилуудо. Андан сырткары 3 мунай куюучу станциялар, соода обьектилери, 1 бассейн, 18 аш демдоочу, 4 бильярд ойноочу жай, 12 нан жабуучу, 3 пилорама, 2.Тегирмен 1 КДУ, 2 песко блок чыгаруучу, 12 баня оз ишмердуулукторун жургузушуудо.
Социалдык сектор. Билим беруу. Куршаб айыл аймагында 6 орто мектеп, 1 башталгыч билим беруу мектеби жайланышкан. Ал мектептерде бугунку кундо 250 мугалим, 4260 окуучуга таалим тарбия беруудо. Мугалимдер жана техникалык кызматкерлер Республикалык бюджеттен айлык алат. 2013-жылга чейин бирдагы балдар бакчасы жок болсо 2015-жылдын аягына чейин 5 бала бакча ачылды. Ал бала бакчаларда 763 бала тарбияланууда. Билим беруунун жана балдарды тарбиялоонун сапатын жогорулатуу учун бардык мектептерде жана бала бакчаларда керектуу шарттардын болушу зарыл. Мугалимдердин эн аз эмгек акысы айына 4 000 сом, ал эми эн жогорку 15 000 сом болуп жатат.
Айылдын аталышы | Мектептин аталышы | Окуучунун саны | Мугалим. саны |
Куршаб | Ы.Бектемиров | 881 | 47 |
| А,Тангатаров | 478 | 44 |
| Ленин-5 | 1948 | 76 |
| Токтогул | 529 | 43 |
Шагым | К,Эрматов | 312 | 23 |
Эрдик | Ш,Эгемжаров | 101 | 16 |
| Кайнар башталгыч | 11 | 1 |
Жыйнтыгы |
| 4260 | 250 |
Саламаттыкты сактоо. Куршаб айыл аймагы боюнча Шагым айылында 1 ФАП иштеп жатат.Эрдик айылда ФАП авариялык абалда,ФАПты куру муктаждыгы бар. Ал ФАПтарда жалпысынан 3 медицина кызматкерлери элге кызмат кылууда. Врачтардын байкоолоруна караганнда келечекте журок оорусу, нерв оорусу жана кан басымынын которулуусу оорулары кобойуудо. Ал эми балдардын аз кандуулук менен богог оорусунун алдын алуу да медицинанын эн негизги проблемалары болуп жатат. 2017-жылга Эрдик айылына ФАП куруу пландалууда.
Бул коюлган максатка жетуу учун кадр маселесин биринчи орунга коюп эл аралык уюмдар менен тынымсыз иш алып барууда. Балдардын торолуусу боюнча 2013-жылы 385 бала, 2014-жылы 368 бала торолупкалктын саны осуудо. Откон жылдарга салыштырмалуу Куршаб айыл окмотундо балдардын олуму 0,03 коэффицентке азайды жана 100 балага 0,12 пайыз тузду.
Жумушсуздук.Куршаб айылдык округу боюнча 213 адам официалдуу турдо катталган жумушсуз статусуна ээ болуп эсептеленет. Бул Куршаб айылдык кенешинин жалпы калкынын 0,8 пайызын тузот.
2014-2015-жылдары бул корсоткучту Куршаб оз алдынча башкаруу органы тарабынан мамлекеттик жана жеке ишкерлердин колдоосу менен кыскартууга аракет жасалып жатат. Мисалы: калкты жумушка орноштуруу борбору (миграция болуму) 120 000 сом акча каражат ажыратып, 120 жумушчу орун менен убактылуу камсыз кылды. Натыйжада жаныдан ачылган бала бакчаларды ремонттоодо курууда жумушчу орундар пайда болду.
№ |
Айылдын аталышы | кожолук саны | калктын саны | Соц. паспорт толтурулган уй-булолордун саны | 500 сомго чей.кирешелуу уй-булолордун саны | 500-800 сомго чей. уй-булолордун саны | 800 дон ашык кирешелуу уй-булолордун саны |
1 | Куршаб | 3037 | 18330 | 889 |
|
|
|
2 | Шагым | 450 | 2678 | 267 |
|
|
|
3 | Эрдик | 138 | 782 | 119 |
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
Жалпысы: |
|
|
|
|
|
| |
Социалдык коргоо.Айыл аймагында аз камсыз болуп, пособие алуучу уй-булолордун саны – 240, пенсионерлердин саны – 1756. Майыптар 360, анын ичинен балдар – 130.
Жакырчылыктын денгээли.Куршаб айыл аймагында жакырчылыктын денгээли 33,3% ти тузот, эн жакыр уй-булонун саны 658 же 10,6%ке барабар. Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органынын 2016-жылы негизги милдети мамлекеттин, коомчулуктун жана донорлордун жардамы менен 20,4% ке чейин жакырчылыкты кыскартуу.
№ | Айылдын аталышы | Жумуш сурап кайрылгандар | Жумушсуздун саны | Кесип алууга окууга жиберилгени | Акы толонуучу коомдук иштерге жонотулгондор | Озуно озу иш орун тузуучулор катталды | ||
баары | Жумуш менен камсыз болгону | Жумуш менен камсыз болбогону | ||||||
1 |
|
|
| - |
| - |
| - |
2 |
|
|
| - |
|
| - |
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
| - |
|
|
|
|
5 |
|
|
| - |
|
|
|
|
| баардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
Инфраструктура. Аймакта жайгашкан айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу багытында бир топ иш аракетер жургузулуудо. Бул жетишсиз. Пландуу жана архитектуралык курулуш нормаларын, аймактын генералдык планына ылайык, бир топ социалдык обьектилерди салуу, жол, тунку жарык, суу системасы, ички жолдорду иретке келтируу, пайдалануу мооноту отуп, авариялык абалга кептелген социалдык обьектилерди ондоп тузоо, капиталдык курулуштарды куруу сыяктуу маселелер арбын.
Электр энергиясы менен камсыздоо. Аймакта жалпысы_____- абонет бар. Анын ичинен коммерциялык абонент ___ эсептелет. 27 трансформатордук подстанция жайгашкан. Учурда ээсиз же кароосуз калган трансформатордук подстанциялардын саны (ТП) – 12.
Озгочо кырдаалдар.Аймакта кооптуу участок катары эсептелген негизги 2 участок катталган. Учурда кооптуу участоктордо жашап жаткан 11 уй було бар. Бир топ жылдардан бери сел коркунучунан, сел отуучу курулумаларды куруу Шор Суу каналынын жээктерин бекемдоого, Кайнар айылында пландаштырылганы менен аткарылууга каражат табылбай келет.
Жалпы маалымат
Куршаб айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планы негизги стратегиялык документ болуп эсептелет. Онугуунун социалдык экономикалык стратегиялык планын тузуу, анын миссиясы жана келечекти коро билуусун билусун аныктоо,жергиликтуу оз алдынча башкаруу органына онугуунун максаттарын жанан милдеттерин ишке ашырууга комоктошот. Процести алып барыш үчүн бир нече органдар түзүлгөн, алар: уюштуруу комитети, анын ролу башкаруу; стратегиялык пландаштыруу комитети, ал айыл өкмөттүн өкүлдөрүнөн жана атуулдардан турат; жана секретариат, ал процесске уюштуруучулук жана камсыздоо жагынан колдоо көрсөтөт.
Страгиялык план боюнча тажрыйба жана планды жаңылатууга себеп
Куршаб айыл аймагын пландаштыруу процессин баштоого чечим чыгарды, анын максаты стратегиялык планды жаңыртуу. Эски план көбүнчө инфраструктура менен байланышкан маселелерге көңүл буруп келген болсо, жаңыланган стратегиялык план жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө көбүрөөк көңүл бурат.
Куршаб айыл аймагы стратегиялык планды иштеп чыгаруу тажрыйбасы менен жана көбүнчө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу менен жаңы экономикалык өнүгүү стратегиялык планын иштеп чыгарууга даяр.
Улуттук Өнүгүү Стратегиясы менен шайкештик
Стратегияны жаңылоо ыкмасы иштелип чыгып жатканда жашоо шарттын сапатын жогорулатуунун эң эффективдүү жолу экономикалык өнүгүү аркылуу ишке ашат деген болжол болгон. Ошондуктан стратегия жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө өбөлгө боло турган шарттарды түзүүгө көңүл бурат.
Улуттук стратегия жалпыга маалым болгондон кийин анда сунушталган ыкма биздин стратегияга шайкеш болуп чыкты – экономикалык өнүгүүнү колдоо менен жашоо шартты жакшыртуу. Буга кошумча, улуттук стратегия жергиликтүү потенциалдын маанилүү экенин белгилейт.
Ошентип, бул стратегия Өлкөнүн өнүгүү стратегиясына толугу менен шайкеш келет, анткени ал дагы экономиканы өнүктүрүү маселелерин камтыйт жана жергиликтүү экомикалык өнүгүүнү башкаруу жана колдоо үчүн жергиликтүү потенциалды түзгөнгө өбөлгө болот.
Стратегиялык пландаштыруу комитетинин мүчөлөрү:
Б.Оморов | - | Куршаб айыл окмотунун башчысы. |
А.Топоев | - | айыл окмот башчынын орун басары. |
Г.Боронова | - | жооптуу катчы. |
У.Тайиров | - | айыл окмотунун ФЭБ башчысы, комиссиянын торагасынын орун басары; |
М.Сазанов | - | Соц.маселелер боюнча башкы адиси |
М.Жээнбеков | - | Шагым айылынын айыл башчысы, мучо; |
/.Туркбаев | - | Эрдик айылынын айыл башчысы, мучо; |
П.Шерматов | - | 3 айылдын айыл башчысы |
Сабытбек у.Б | - | Айылдык кенештин торагасы |
А.Мадымаров | - | Жергиликтуу кенештин депутаты |
К.Пусуров | - | комиссиянын катчысы; |
З.Мамадалиева | - | Алтын Ачкыч балдар бакчасынын башчысы, |
А.Каримова | - | А.Тангатаров интернат гимназиясынын директору |
С.Жолдошова | - | Стат экономист, жайыт коомдук комитетинин мучосу. |
А.Калыкова | - | аялдар комитетинин торайымы. |
Н.Бекиева | - | Куршаб Ж.Токторбаев атындагы больницасынын глав врачы |
А.Ташиев | - | Айылдык кенештин депутаты, бюджет коммитетинин торагасы |
Б.Маматов | - | Айыл окмотунун жер, турак жай жана айыл чарбасы боюнча башкы адис, комиссиянын катчысы; |
Н.Аширов
| - | Куршаб айыл окмотунун коомдук алдын алуу борборунун торагасы. |
2. КЫСКАЧА БАЯНДОО
Стратегиянын жалпы максаты бул Куршаб айыл аймагынын тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртуу болуп эсептелет. Жашоонун жакшыртуусун колдогондор – бул тургундар өздөрү болуп саналат. Жашоону жакшыртууга алардын энергиясы да, жөндөмү да бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу ошол адамдарды колдоо жана аларга шарт түзүп берүү болуп саналат (эң биринчиден аларга тоскоолдук кылбоо жана колдон келсе колдоо).
Стратегия негизинен жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө көңүл бурат. Башка мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, жергиликтүү экономикалык өнүгүү элдин жашоосун жакшыртуунун эң эффективдүү жолу болуп саналат. Буга кошумча, Куршаб айыл аймагынын атуулдарынын арасындагы сурактын жыйынтыктары жумуш орундары жана үй-бүлөлүк киреше жашоодогу эң маанилүү приоритеттер деп далилденди.
Андан кийинки тапшырманын максаты жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү тездетүүгө эмне керек экенин аныктоо болду: тышкы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу жана тоскоолдуктарды чечүү.
Төмөндөгү таблица стратегиялык тандоонун жолун көрсөтөт:
Аныкталган стратегиялык маселелер айылдык округдун социалдык-экономикалык абалынын жана тышкы чөйрөнүн анализинин жыйынтыгы. Маалымат жети ар түрдүү отчеттордон алынды. Бул учурда эң маанилүү маалымат гана отчетторго кирди, андан кийин отчеттордогу эң маанилүү тезистер SWOT таблицасына кирди.
SWOT таблицасындагы маселелердин арасынан чектелген критикалык маселелер тандалды жана структурасы боюнча бөлүндү.
Критикалык маселелер беш стратегиялык багыт боюнча аныкталды:
Айыл чарба, анын ичинде: жаңы технологиялар, рынок, инфраструктура.
Кичи жана орто бизнес, анын ичинде:каржы ресурстарына мүмкүндүк алуу, бизнести колдоо инфраструктурасы, өнүгүүгө жер жана башка.
Техникалык инфраструктура, анын ичинде: ичимдик жана сугат суу, жолдор жана башкалар.
Социалдык сфера, анын ичинде: жакырчылыкты жоюу.
Андан тышкары, жергиликтүү бийликтин башкаруу системасын жакшыртуу боюнча бир нече маселелер аныкталды.
Жогорудагы критикалык маселелерди талдоонун эсебинен стратегиялык маселелер келип чыкты. Алар Куршаб айыл аймагында жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн оптималдуу жана эффективдүү жолдорун берет. Эң негизги стратегиялык маселелер төмөнкүлөр болду:
айыл чарбадагы өндүрүмдүүлүк;
кичи жана орто ишкердүүлүктү өнүктүрүү;
Социалдык инфраструктура, коммуналдык тейлоо.
жакырчылыкты кыскартуу;
Коопсуз аймак;
Башкаруунунэффективдуулугуножетуу (кадр саясаты).
Андан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруу системасын жакшыртуу үчүн бир нече иш-чаралар да аныкталды.
Стратегиялык маселелер тандалган иш-чаралар менен чечилет. Төмөндө стратегиянын негизги элементтеринин структурасы көрсөтүлгөн:
тратегиянын структурасы
СТРАТЕГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕР | ИШ АРАКЕТТЕР |
1. АЙЫЛЧАРБА
Айылчарбанынөндүрүмдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек? | Жаңы технологиялар борбору, сервистер, кооперативтер
(Айыл чарбасындагы жаңы технологияларды жайылтуу, сервистерди тузуу менен жаны агротехнологияларды аймакка тартуу)
|
Бак, комокчу чарбаж.б.
(Өндүрүүчүлөр тобу түзүлүп, момо жемиш даярдоого, эт багытындагы малдарды багып остурууго багытталып, рынокко чыгууга шарт жаралат) | |
2. КИЧИ ЖАНА ОРТО ИШКЕРДҮҮЛҮК
Кичи жана орто ишканаларды кантип өнүктүрүү керек?
| Инвестициялык сунуш
(Тышкы инвесторлорду, донор уюмдарын тартуу үчүн инвестициялык сунушту иштеп чыгуу жана инвестициялык климатты жакшыртуу учун аймактык инвестициялык кенешти тузуу) |
3. СОЦИАЛДЫК ИНФРСТРУКТУРА, КОММУНАЛДЫК ТЕЙЛОО
Канткенде заманбап мектепке, бала бакчага, ФАПка ж.б. социалдык обьектиге жетишебиз?
Кочосу таза, ичуучу таза суу ичкен, жолу ынгайлуу аймакка кантип айлансак болот? | Капиталдык курулуш. (Социалдык обьектилердин абалын аныктоо менен оз тургундарыбыздын келечегине тиешелуу шарттарды жаратууга комоктошуу)
|
Мобилизациялоо. (Аймакта орун алган койгойлорду калктын катышуусу, демилгелуу топтордун жана меценанттардын жардамы менен жалпы мобилизациялоо аркылуу чечууго жетишуу) | |
4. ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ КЫСКАРТУУ
Жакырчылыкты кантип кыскартуу керек?
| Киреше табуу мүмкүнчүлүк борбору
(Жакырларга киреше табууга мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу жакырчылыкты жоюу) |
5. КООПСУЗ АЙМАК
Аймакта коомдук коопсуздуктукамсыз кылууга шарттарды жаратуу | «Тунку жарык» долбоору (кочолорго тунку жарык менен камсыздоо аркылуу жаштар арасында кылмыштуулукту кыскартуу, жол кырсыгын алдын алуу жана жолдо журууго ынгайлуу шарт жаратуу) |
6. БАШКАРУУ
Муципалитеттин администрациясында башкаруу системасын кантип жакшыртуу керек? | «Чарба китеп» компьютер системасы
(Административдик чечимдерди кабыл алуу системасын киргизүү)
|
Маалымат системасы
(Атуулдарга стратегия жана долбоорлор кандай ишке ашырылып жатканы тууралуу маалымат берүү системасы)
| |
Окутуу, тажрыйба алмашуу (муниципалдык кызматкерлерди оку курстарына, тажрыйба алмашууга жонотуу менен белгиленген тартипте аттестациялык конкурстарды откоруп туруу) |
3. Жыйынтыкка жеткен учур (Жыйынтык)
Куршаб айылдык округунун Жыйынтыгы томондогудой:
Куршаб айыл аймагы – райондун аймагында озгочо орду бар, социалдык экономикалык жактан туруктуу онуго баштаган, адам укугун сактаган жана ал үчүн жагымдуу жашоо чөйрөсүн камсыздаган, билимдүү, маданияттуу, ден-соолуктуу, активдүү, колунда бар – атуулдардын аймагы. .
Куршаб айыл аймагы – кесипкой адистерге бай, жаңы технологиялардын негизинде айыл чарбасы, кайра иштетүүчү тармагы өнүккөн, жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн жана сапаттуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн, социалдык инфраструктурасы этап этабы менен чечиле баштаган, коммуналдык тейлоосу жакшы жолго коюла баштаган аймак.
Жыйынтык бул муниципалитет жасаган аракетине, кылган мамилесине жана планды ишке ашыруудагы кадамдарына карата өзүн 5-10 жылдан кийинки мезгилде же келечекте коомчулук менен биргеликте коро турган атмосфера. Атмосфера дегенибиз, аймактын оз убагында стратегиялык планы кандай тузулсо, канчалык денгээлде мониторинг жургузулсо, канчалык денгээлде иш аракеттер планы аткарылса, ошого жараша аймакта кандай абал боло тургандыгы козго корунот. Албетте, бул абалдын озгоруусундо мындан башка да факторлор жаралышы мумкун же ресурстар пайда болушу мумкун. Бирок, баары стратегиялык пландын айланасында боло турганды жана жыйынтык да пландын негизинде болоору бышык. Жакшы жыйынтыкка жетуу муниципалитеттин жалпы максаты болуп саналат. Максат созсуз турдо мониторингден отуп туруусу жана коомчулук тарабынан бааланып туруусу керек. Андан сырткары, жогорку бийлик органдары тарабынан да бааланып, жергиликтуу кенештин депутаттарынын сунуш пикирлеринен отуп турушу зарыл. Жыйынтыкты ченөө кыйын, ошондуктан жыйынтыктын ар бир элементинин мааниси берилген. Көрсөткүчтөргө таянып келечекте стратегияны баалоо мүмкүн болот. Жыйынтыкты мониторлоо жана баа берүү бул жалпы Куршаб айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалына да мониторлоо жана баа берүү болуп саналат.
Төмөндө Жыйынтыктын элементтери, алардын мазмуну жана келечекте аларды баалоо көрсөткүчтөрү:
Адам укугун сактаган атуулдардын мекени.
Муниципалитетте көп социалдык инфраструктура обьектилери бар, мындан ары да алардын техникалык абалы канаттандырарлык деңгээлде сакталат жана саны көбөйөт. Муниципалитеттин күчтүү билим, маданият жана саламаттыкты сактоо институттары күчтүү профессионалдуу ишкерлерди тартып турат. Ал профессионалдар ар кандай колдоолорду алып мектептерде, бейтапканаларда жана маданият үйлөрүндө иштегенге чоң кызыгы бар. Гигиеналык жана санитардык абал канаттандырарлык. Натыйжада, коомчулук билимдүү, ден соолуктуу, маданияттуу адамдарды өстүрөт. Адамдар ар кандай тармактарда эмгектенишет, ишкердүүлүктөн баштап маданият жана спорт тармактарына чейин. Буга, жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын иш аракеттери да кирет. Муниципалитет келечектеги профессионалдуу жаңы муундардын ата мекени.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
ар түрдүү тармактагы билимдүү адамдардын пайызы, социалдык инфраструктура обьектилеринин саны, маданий иш-аракеттердин саны, адамдардын денсоолук абалы, атуулдардын ар кандай алып барган иштеринин саны, жакырчылыктын деңгээли.
Атуулдардын укугу сакталат.
Муниципалитет атуулдардын укугун сакташ үчүн баардык иш аракеттерди кылат. Ар бир атуул мыйзам чегинде өз каалаган динге ишене алат, улуттук же жергиликтүү саясатты сынга алса ал үчүн куугунтукка алынбайт. Ар бир атуул жергиликтүү жана улуттук мыйзам менен бекитилген социалдык жардамды өз маалында толугу менен алып турат. Эгер атуулдун укугу бузулса, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ал кишиге өз укугун коргогонго жардам кылат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
укугу бузулган адамдардын саны, мүмкүн болсо (эгерде ресурстар жетиштүү болсо) элдердин жалпы оюн билүү (фокус группаларды уюштуруу).
Жагымдуу жашоо чөйрөсү камсыздалган.
Муниципалитет жашаганга жагымдуу чөйрө түзөт. Ар бир атуулдун киреше тапканга бирдей мүмкүнчүлүктөрү бар жана аларды натыйжалуу пайдаланганга умтулушат. Атуулдардын өнүгүшүнө эч кандай тоскоолдуктар жок, муниципалитет атуулдардын өнүгүшүнө шарт түзөт. Жергиликтүү милиция атуулдарга коопсуздукту камсыз кылат. Атуулдар ар кандай административдик жана коммуналдык кызматтарын ала алат. Коомчулуктун жалпы ою боюнча Куршаб аймагында жашаганга ыңгайлуу жер болуп эсептелет.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
элдин оюу (изилдөө өткөзүү, фокус группаларды уюштуруу, миграция деңгээли).
Бакубат аймак.
Муниципалитет бакубат аймак, айыл чарбачылык, жеке ишкердүүлүк, спорт жана маданият өнүккөн, чоң инвестициялар тартылып турат. Муниципалитет жаңы инновацияларга ачык жана жеткен жетишкендиктер менен токтоп калбай ар дайым жаңы ийгиликтерге жетүү үчүн аракет кылат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
дыйкан чарбалардын жана фермалардын саны, инновациялардын саны, фокус группалар аркылуу топтолгон аймак боюнча жалпы ой.
Жаңы технологиялардын негизинде айыл чарбасы, кайра иштетүүчү тармагы өнүккөн.
Жаңы технологияларды колдонуу менен муниципалитетте айыл чарба жана кайра иштетүүчү тармак өнүккөн. Жаңы сорттогу айыл чарба өсүмдүктөрү жана асыл тукумдуу жаңы породадагы мал коомчулукка таратылат. Кайра иштетүүчү кичи ишканалар (тегирмен, кийим тигүү, пахта, мөмө-жемиш иштетүүчү жана май чыгаруучу цехтер) өз продукцияларын башка региондорго жана башка мамлекеттерге эскпортко жиберет, натыйжада элге киреше түшөт.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
жаңы технологияны айыл чарбада, кайра иштетүүдө колдонгон учурлардын саны.
Жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн.
Жеке ишкерлерге жакшы шарттар түзүлгөн. Ишкерлер жумуш орундарын ачат, ал болсо өз учурунда жергиликтүү коомчулукка киреше тапканга мүмкүнчүлүк берет. Ишкерлер жергиликтүү бюджетти көбөйткөнгө жана жакырчылыкты кыскартканга өз салымын кошушат. Ишкерлерге жакшы шарт катары аларга эффективдүү административдик кызмат көрсөтүү (каттоо, патент) жана өнүгүү борбору аркылуу кеңеш берүү кызматтары саналат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
жеке ишкерлердин шарттар боюнча ой пикири.
Сапаттуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн.
Куршаб муниципалитетинде тейлөө кызматтардын сапаты жогору. Мисалы, коммуналдык кызматтар: таза суу, таштанды чогултуу; жана административдик кызматтар. Мындан тышкары дыйкандар жана ишкерлерге көрсөтүлчү башка кызматтар да бар: ветеринардык кызматтар, кеңеш берүү кызматтары жана агробиохимтехсервис кызматтары. Коммуналдык жана бизнести колдоо кызматтарынан тышкары да, күнүмдүк жашоого керектүү кызматтар бар: ашканалар, чачтарач, автоунаа оңдоочу жай, маалымат борбору ж.б. Сапаттуу кызматтар дыйкандарга жана ишкердүүлүккө жакшы шарт түзүп башка региондордогу жеке ишкерлер менен таймашканга мүмкүнчүлүк берет.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
кызматтардын саны жана түрү, элдин ою (фокус группалар аркылуу).
Социалдык инфраструктурасы мыкты.
Куршаб айыл аймагында мектеп, бала бакча, ФАП саны жана тейлеген аймагы боюнча чон. Аймактагы мектептердин дээрлик копчулугу типтуу. Бала бакчаларда шарттар жаралган. Мектеп, бала бакчаларда заманбап технологиядагы эмеректер, техникалык жабдуулар менен камсыздалган (айрымдарына видеокамералар да орнотула баштады). Аймакта социалдык обьектилерди куруу же обьектилерге ынгайлуу шарттарды камсыздоодо калктын да салымы зор экенин белгилоого болот. Калкты мобилизациялоо мыктык социалдык инфраструктураны тузууго жол ачат .
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Калктын социалдык обьектилерди колдоо дарамети жогору, анда тузулгон шартты дайыма козомолго алып тургандыгы
4. МИССИЯ
Куршаб айыл аймагынын Миссиясы төмөнкүдөй:
Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалитеттин Жыйынтыкка жетүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүп беришет.
Күчтүү айылдык кеңеш жана профессионалдуу аппарат, ички жана тышкы ресурстарды эффективдүү пайдалануу менен, жергиликтүү коомчулукка сапаттуу кызмат көрсөтүшөт.
Куршаб айыл аймагында калкты мобилизациялоо аркылуу аймакта орун алган койгойлорду оз убагында баалоо, мониторинг аркылуу чечилуусуно шарт жаратат.
Куршаб өз алдынча башкаруу органы укуктун корголушуна, демократиянын калыптанышына жана жергиликтүү социалдык-экономикалык абалдын өнүгүшүнө өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылат.
Куршаб айыл аймагында жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары, коомчулук (тургундар, коомдук институттар ж.б.) жана айыл аймакка кайдыгер карабаган адамдардын тобу же уюмдар гана аймактын потенциалын которуп, муниципалитеттин калкка ачык айкын кызмат кылуусуна жол ачат.
Миссиянын мааниси – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын элеске жетүүгө багытталган ролу. Башкача айтканда, миссия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элеске жетүүдө тийиштүү шарттарды түзүү үчүн кандай иш-аракеттерди алып барыш керек деген суроого жооп берет. Миссия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын философиясы деп да аталса болот.
Миссия элес сыяктуу мониторлонуп жана ага баа берилип турушу керек. Бул учурда да миссиянын ар бир элементинин мааниси берилген. Ушуга таянып келечекте башкаруу органдары өздөрүнүн койгон ролуна жана максаттарына жеткендиги же жетпегендигине баа берүүгө мүмкүн болот.
Төмөндө Миссиянын элементтери, алардын мазмуну жана келечекте аларды баалоо көрсөткүчтөрү:
Муниципалитеттин Жыйынтыкка жетүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү.
Муниципалитет стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн ресурстарды оптималдуу колдонот жана ишке ашыруу процессин көзөмөлдөйт. Кеңеш жана айыл өкмөт жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө алардын максаттарына жетүүсүнө колдоо көрсөтөт. Бирок, жергиликтүү бийлик бардык иштерди өзү аткарганга умтулбайт, ал мекемелер жана атуулдар кылган иштерди башкарып турат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
стратегиялык планды аткаруу үчүн аныкталган ресурстар, фокус группалар аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кандай колдоо иш аракеттер жасалып жатканын билүү, ишкерлерге көрсөтүлгөн жардамдын түрлөрү.
Күчтүү айылдык кеңеш жана профессионалдуу аппарат.
Жергиликтүү кеңеш коомчулук тарабынан шайланып билимдүү лидерлерден турат. Айыл кеңештин депуттары өздөрүнүн шайлоочуларынын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Регулярдуу түрдө өздөрүнүн кылган иштерин шайлоочуларга коммуникация каражаттар жана коомдук угуулар аркылуу билдирип турушат. Айыл өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери абдан професионалдуу жана жумушка жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Алар дайым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка институттар же донордук мекемелер аркылуу уюштурулган окуу курстарына катышат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
кеңеш кылган иштердин көлөмү, алардын арасына калк менен маек куруу иштери да кирет, аппараттын кызматкерлеринин профессионалдык деңгээли аттестация аркылуу текшерилет, долбоорлордун саны, уюштурулган окуу курстардын саны.
Ички жана тышкы ресурстарын эффективдүү пайдалануу.
Бюджет ресурстары приоритеттерге жараша колдонулат. Каржы ресурстар максаттуу колдонулат, мыйзам чегинде белгиленген салыктар жана жыйындар натыйжалуу чогултулат. Менчик, анын ичинде жер ресурстары, эффективдүү башкарылат, ачык конкурстун негизинде сатылып, же ижарага берилип көбүрөөк киреше алып келет. Потенциалдуу тышкы ресурстар эффективдүү колдонулат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген субсидиялар, ар кандай донорлордон келген каражаттар).
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
салыкты чогултуу деңгээли, тышкы ресурстардын, долбоорлордун саны, жерди ижарага берүүдөн түшкөн кирешенин көлөмү.
Жергиликтүү коомчулукка сапаттуу кызмат көрсөтүү.
Кызматтардын сапаты жакшы жана эффективдүү уюштурулган. Мүмкүн болушунча кызматтар атаандаштыктын негизинде көрсөтүлөт. Сапат дайыма көзөмөлдөнүп турат, мисал үчүн ишеним кутучасы, ага атуулдар өздөрүнүн каалоолорун же нааразычылыктарын калтырышат. Нааразычылыктар жергиликтүү бийлик тарабынан каралып, тез арада чечилет.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
нааразычылыктардын саны жана аларды чечүү боюнча иш аракеттердин саны, фокус групплар аркылуу элдин жалпы оюун билүү.
Укуктун корголушуна өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылуу.
Айылдык кеңеш коомчулуктун баардык мүчөлөрү, жөнөкөй адам же бийликтеги адам болсун, мыйзамдын алдында бирдей жооп берүүгө шарттарды түзөт. Мыйзам бузгандар жазаланып, алар жөнүндө коомчулукка маалымат берилет. Ар бир атуул мыйзамды бузуу туура эмес экенин билет, салыкты төлөөдөн качуу да мыйзамды бузууга татыйт. Ар бир атуул кайсы салыкты жана жыйынды, кызматты колдонгону үчүн акча төлөшү керек экенин билет.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
сот иштеринин саны, мыйзамдарды ишке ашыруу жолдору, салыктардын көлөмү.
Демократиянын калыптанышына өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылуу.
Муниципалитет жергиликтүү калктын демократияны өнүктүрүү иштерин колдойт. Баардык процедуралар (жергиликтүү бюджет, жергиликтүү салыктарды чогултуу, товарларды жана кызматтарды сатып алуу) ачык. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо ачык жана мыйзамдуу өтөт. Маалымат элге түздөн-түз жана жергиликтүү массалык каражаттар аркылуу билдирилип турат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
ишке ашырылган ачык процедуралар (коомдук угуулар), шайлоо учурунда кылынган мыйзамсыз иштер.
Жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылуу.
Муниципалитет жергиликтүү экономиканын өсүшүнө шарттарды түзөт, бул жерди ачык аукцион түрдөижарага берүү же сатуу, салыктардын туура чогултулушу менен шартталат. Жергиликтүү жеке ишкерлердин жакшы иштеши жумушсуздук деңгээлин төмөн кармат турат. Жергиликтүү фирмалар киреше гана таппастан, коомчулукка да социалдык жардам кылышат. Жергиликтүү ишкерлер сапаттуу каржы кызматтарын алат, мисалы кредит алуу, банктан счет ачуу, депозиттер, акча жиберүү ж.б.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Бизнести колдой турган инфраструктуранын саны жана түрлөрү, ишкерлерге берилген кызматтардын саны жана түрү, салыктардын чогултулушу ачык жана мыйзамдуу, элдин экономиканын өсүүсү боюнча жалпы оюу, нааразычылыктардын саны.
5. АНАЛИЗДЕРДИН КЫСКАЧА БАЯДАМАСЫ
Ситуация боюнча негизги маалыматтар жана бир нече салымдар SWOT анализ түрүндө кылынган. SWOT анализге кирген маалымат:
муниципалитеттин ар кандай тармактарын мүнөздөгөн жалпы маалымат;
жергиликтүү бюджет боюнча анализ, анын ичинде кирешелер жана чыгашалар;
муниципалдык менчиктин анализи;
тышкы чөйрөнүн анализи;
жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн шарттары тууралуу бизнес-сурак;
коомчулуктун негизги приоритеттерин билүү боюнча атуул-сурак;
мурунку иштеп чыгарылган стратегияга болгон баа берүү отчоту.
SWOT анализге кирген маалыматтын кыскача мазмуну
|
Белги: SWOT анализине эң негизги маалыматтар гана кирди, бул маселелердин эң негизгилерин тандап алуунун биринчи кадамы болуп саналат.
6. СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУДА ПОТЕНЦИАЛДУУ РЕСУРСТАР
Стратегияны тузуу абдан маанилуу. Ал учун ресурстун да жетиштуу болуусу кажет. Стратегиянын ишке ашырылуусу эки түрдүү ресурстарга таянышы мүмкүн, алар жергиликтүү жана тышкы ресурстар. Ресурстар келе турган чөйрө ар дайым өзгөрүп турат, ошондуктан ар бир долбоорго кайсы ресурс колдонуларын так айтыш кыйын. Жергиликтүү бюджеттен кээ бир учурда гана каражаттар жумшалышы мүмкүн. Бирок, стратегияны айылдык кенеш бекиткенден кийин бул созсуз турдо айылдык кенештин колдоосуна ээ болуу менен мумкунчулукко карап, бюджеттин коломуно карап каржыланат. Ошондуктан стратегиянын аткарылуусунда дайыма потенциалдуу ресурстарды анализдеп туруу керек, ал жергиликтүү жана тышкы ресурсту көбөйткөнгө туура маалымат берет жана жыйынтыгы жакшы нукка бурулат.
Жергиликтүү ресурстар
Стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда ар кандай ички ресурстар колдонулушу мүмкүн:
каржы ресурстары;
кыймылсыз мүлк (муниципалык менчик ж.б.);
адам ресурстары.
1. Каржы ресурстары
Каржы ресурстары негизинен жергиликтүү бюджеттен турат. Кээ бир потенциалдуу каржы ресурстары жергиликтүү уюмдардын, ишкерлердин жана атуулдардын бюджетинде болушу мүмкүн. Ар кандай ресурстарды мобилизациялоо долбоордун түрүнө жана мотивацияга жараша болот.
Жергиликтүү бюджет
Куршаб айыл аймагында 2015-жылда жергиликтуу бюджеттин колому 18 млн сомго жетти. Бул откон жылга салыштырмалуу салыктын транспорт, жер салыгы, сатуудан тушкон салык, ыктыярдуу патент сыяктуу салыктын турлорунон коп чогултулду. Ошондой эле, аймак дотациялуу аймактардын катарына киргендигине байланыштуу мамлекеттен тактап айтканда республикалык бюджеттен 6.5 млн сомдун тегерегинде тендештируу грантын алып келет.
1.2. Жергиликтүү уюмдардын бюджети
Эки НПО, 6 коомдук уюм бар, алардын бюджети донордук уюмдардан келген каражаттардан жана гранттардан, озун озу каржылагандан жана каржылоону талап кылбаган уюм деп болуп карасак болот. Бул уюмдар жана мекемелер өздөрүнүн максаты, аткара турган иш аракеттери менен шайкеш келген стратегиялык долбоорлорго салымын кошушу мүмкүн.
1.3. Жеке ишкерлер
Жеке ишкерлердин ресурстарын аныктаганга шарт жок, ага мумкунчулук да беришпейт. бирок кээ бир коммуналдык кызматтарды (коммуналдык инфраструктура) жакшыртуу, же башка демилгелерди колдоо үчүн салымдарын кошуп келет. Демек, бул да каржы ресурсу катары кошсок болот.
1.4. Коомчулук
Атуулдардын ресурстары ар кимисиники ар кандай. Ар кандай демилгелерди ишке ашырууда, же марафон откоруудо кимдин канчалык ресурсу бар экендиги коомчулукка билинет. Стратегиялык пландагы иш аракеттерди жасоодо коомчулуктун каржылык потенциалын пайдаланууга негиз бар.
2. Кыймылсыз мүлк ресурстары
Муниципалитеттин өнүгүүгө 15,5 га жери бар. Кээ бир жерлер колдонгонго даяр турат, сатканга, же ижарага бериш оңой. Жерди инвесторлорго берсе болот, алар ал жерди өнүктүргөндөн кийин салык аркылуу акча каражаттарын берип турат.
3. Адамдык ресурстар
Адамдык ресурстар жакшы деңгээлде. Муниципалитетте иштеген кызматкерлер жөндөмдүү жана ар кандай маселелерди чечкенге убакыт бөлүшөт. Мындан тышкары жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар жана тургундар өздөрүнүн бош убактысын жергиликтүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшаганга даяр.
Жергиликтүү ресурстарды көбөйткөнгө потенциалдуу жолдор:
1. Каржы каражаттары
1.1. Жергиликтүү бюджет
Салыктын сатуудан тушкон, милдеттуу жана ыктыярдуу патенттен, айыл чарбасына жараксыз жерлерди оздоштурууго же убактылуу пайдалууга беруудон акча каражаттарын тушурсо жана буга шарт жаратса болот.
Мулк салыгы, анын ичинен транспорт салыгын да тактап, бул багытта терен анализдеп иштесе салыктын бул турунон да тиешелуу осуу темпин камсыздаса болот.
Ижара акысы боюнча эң негизги иш-чара – бул КБФ жерлерин колдонгон жана ага акысын төлөбөгөндөр менен түзүлгөн келишимдердин тиешелуу пункттарынын негизинде чара коруу керек. Жер сатуу жана ижарага берүү процедуралары өнүксө, ал иштерден да көбүрөөк киреше түшмөк.
1.2. Жергиликтүү уюмдар
Жергиликтүү уюмдар өздөрүнүн миссиясы менен шайкеш болгон долбоорлорго салымын кошо алат.
1.3. Жеке ишкерлер
Жеке ишкерлер бизнес кыла турган чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорлорго катышыш үчүн аларга долбоорду түшүндүрүп жана кубатташ керек.
1.4. Коомчулук
Жергиликтүү коомчулукка техникалык инфраструктураны жакшыртуунун деталдуу планы сунушталышы керек. Сунушталган маалыматка таянып коомчулукту өз салымын кошконго чакыруу керек.
2. Муниципалдык менчик
Жер боюнча муниципалитет бардык расмий кагаздарын бүтүрүшү керек. Натыйжада ишкерлерге ижарага же сатууга бериле турган жердин саны көбөйөт. Муниципалитеттин генпланы болуш керек жана өнүгүүгө бериле турган жерде тийиштүү инфраструктура курулушу зарыл.
3. Адам ресурстары
Муниципалитет элди мобилизацилоо иштерин уланта бериши керек, ал жок дегенде маалымат менен элди камсыздандырып турууну билдирет, бул өзгөчө башка өлкөлөргө миграциялап кеткендер менен байланышта турууга маанилүү. Өзгөчө муниципалитетте окууга кеткен жаштарга көңүл бурулуп, аларды мобилизациялоо керек.
Тышкы ресурстар
Азыркы учурда белгилүү бир нече тышкы ресурс бар, бирок башка аныкталбаган ресурстарды да издеш керек:
Мисалы, аймакта бугунку кундо Сайв зе Чилдрен эл аралык уюму мектепке чейинки билим беруу менен иш алып барып жатса, Борбордук Азиядагы суу Альянсы таза суу тартуу менен, Укуктук мейкиндик фонду айыл чарба жерлерин инвентаризациялоо менен, Эхсан Хайрия фонду кайрымдуулук иштери менен, ДИА коомдук фонду гендердик тенчилик боюнча иш алып барышууда.
Тышкы ресурстарды колдонуу боюнча потенциалдуу жолдор:
Жалпы тапшырма бул мүмкүнчүлүктөрдү башкаруу. Муниципалитет эң биринчиден өз ресурстарын стратегиялык жол менен колдонушу керек жана аны долбоорлорду ишке ашырууда пайдаланышы керек. Андан тышкары башкаруу системасын жакшыртуу зарыл, мисал үчүн ар кандай акыларды чогултуу системасын жакшыртуу.
Андан кийин муниципалитет жакшы долбоорлорду даярдоосу керек, алардын техникалык негиздемесин туура түзүп, жана профессионалдуулук менен донорлорго сунуштоо керек.
Мындан тышкары муниципалитет потенциалдуу донорлордун арасында стратегиялык планды презентация кылып таратышы керек
7. КРИТИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР
SWOTко таянып критикалык маселелер аныкталды. Алар SWOTтун баардык элементтери менен байланышкан. Критикалык маселелер муниципалитеттин күчтүү жактарын күчөтөтөт же алсыз жактарын азайтат. Экинчи жагынан критикалык маселелер тышкы чөйрөдөн келген мүмкүнчүлүктөрдү колдонот же болбосо тышкы чөйрөдөн келген коркунучтарды азайтат.
Критикалык маселелер төмөнкү жетектемеге таянып аныкталган:
Төмөнкүнүн натыйжасындакритикалык маселелер аныкталды, алар суроо түрүндө болду.Маанилүү эмес ойлорду четке каккандан кийин критикалык маселелердин структурасы төмөнкүдөй болду:
Айыл чарбанын эффективдүүлүгүн кантип жогорулатабыз?
ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР
| Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн кантип жогорулатса болот? Жерлердин которуштуруп айдоону кандай жолдор менен жүргүзүүгө болот? Айыл чарба жерлерин кантип жакшыртуу керек? Айыл чарбасына жаңы технологияларды кандай жолдор менен тартса болот? Жаңы технологияларды кантип колдонуу керек? Кытайдын пахта эгүү технологиясын жайылтуу үчүн каражаттарды кантип табабыз? Айыл чарба продукцияларын түшүмдүлүгүн жогорулатуу үчүн кандай иштерди аткаруу керек? Жаңы эт сүт багытындагы породаларды кайсы жол менен көбөйтө алабыз? |
РЫНОК | Өндүрүлгөн продукцияларды ортомчусуз кантип сатуу мүмкүн? Мөмө жемиштер сактоочу жайды кантип куруу керек? Өндүрүлгөн продукцияны канткенде кымбат баада сата алабыз? |
АЙЫЛ ЧАРБА ИНФРАСТРУКТУРАСЫ | Техсервисти кантип жандандырса болот? Айыл чарба техникалары жана шаймандарды кайсы жол менен сатып алабыз? Сугат суусун канткенде коромжусуз пайдалана алабыз? Ирригация системасын кантип жакшыртуу керек? Сугат сууну рационалдуу пайдаланууну кандайча ишке ашыруу керек? Суугат суу боюнча элдин арасында түшүнүк иштерин кантип жүргүзүүгө болот? |
Жеке ишкердүүлүккө жагымдуу экономикалык чөйрөнү кантип түзөбүз?
ЖАЛПЫ МАСЕЛЕЛР | Тышкы жана ички ресурстарды кантип эффективдүү колдонобуз? Жергиликтүү экономиканы кантип өнүктүрөбүз? Жаңы фирмаларды кантип колдоо керек? Жеке ишкердүүлүктү кантип колдоо керек? Кичи жана орто бизнестерди кантип өнүктүрөбүз? |
БИЗНЕСТИ КОЛДОО ИНФРАСТРУКТУРАСЫ
| Бизнес инкубаторду кантип айыл өкмөткө тартса болот? Бизнести колдоо инфраструктурасын кандай жолдор менен көтөрүүгө болот? Айыл жеринде микрокредиттерди кандай жолдор менен уюштурса болот? Ишкерлерди кайсы жерде жана кантип окутса болот? Айыл банкты кантип уюштурабыз? |
ИНВЕСТОРЛОР | Канткенде донор уюмдары биз менен иштешууго макул болушат?Чет элдик инвесторлорду кантип кызыктырып тартып келебиз? Чет өлкөлүк консультация берүү органдарын кантип тартабыз? |
АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТТАР | Жеке ишкерлерге бут тоскон райондун кызматтары менен кандай иш-чара алып барыш керек? |
ЖУМУШЧУ КҮЧ | Профессионалдуу адистердин сапатын жана санын кантип көтөрсө болот? |
ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР
| Жер алдынан чыккан ысык минералдык суусун канткенде сата алабыз? Ички жана тышкы резервтерди канткенде натыйжалуу пайдалана алабыз? Жергиликтүү экономиканы кандай жол менен өнүктүрө алабыз? Жаңы уюлушуп жаткан иштердин өнүгүүсүн кантип колдойбуз? Жеке ишкерлерди кантип өнүктүрө алабыз? Кичи ишканаларды жана кичи бизнестерди кантип уюштурабыз? |
Социалдык инфраструктураны кантип өнүктүрөбүз?
ЖАКЫРЧЫЛЫК
| Канткенде жакырчылык маселесин чечебиз? Айылда жакырчылык деңгээлинен кантип чыгууга болот? Жумушсуздуктан айыл тургундарын кантип жоюу керек? Жаңы иш орундарын кантип түзөбүз? Жумушчу адамдардын кантип миграция учетко тургузуу керек? Чет мамлекетке кетип жаткан ишке жарамдуу адамдарды жана адистерди кантип сактап калуу керек? |
СОЦИАЛДЫК ИНФРАСТРУКТУРА | Аялдардын олумун кантип кыскартуу керек? Жаш балдар арасында гепатит жана башка жугуштуу ооруларды кантип кыскатуу? ФАПтардын жылытуу системасын канткенде жолго коебуз? Кайсы жол менен медициналык жабдууларды кеңейте алабыз? жетиштүү медикалык адистерди кантип табуу керек? Спорт комплекстердин деңгээлин кантип жогорулатуу керек? Балдар бакча маселесин кантип чечебиз? Мектептерде кадр маселесин кантип чечсе болот? Мектептин негизги проблемаларын кантип тездетип чечсе болот, мисал үчүн мектептин айланасы тозуу? Мектептерди жылытуу системасын кантип ремонттоп алабыз? |
МАДАНИЯТ, СПОРТ, ЖАШТАР | Мыкты спортчуларыбызга кантип жардам бере алабыз? Айылда жаштар саясатын кантип жүргүзөбүз? Маданиятыбызды жана таланттуу адамдардын талантын өркүндөтүү үчүн кандай иш-чараларды алып барыш керек? |
САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО | Жугуштуу оруулардын алдын кантип алабыз? Таза сууну өз убагында дезинфекциялоо, коромжусуз пайдалануу маселесин кантип чечебиз? Абаны, сууну кантип таза сактап кала алабыз? Канткенде генофондду таза сактап кала алабыз? |
Техникалык инфраструктураны кантип өнүктүрөбүз?
ТЕХНИКАЛЫК ИНФРАСТРУКТУРА
| Трансформатор, байланыш түйүндөрүн кантип жөнгө салуу керек? Айылдагы трансформаторлорду кантип алмаштыра алабыз? Телефон байланышы менен тургундарыбызды качан толук камсыз кыла алабыз? Интернетке кантип байланыша алабыз? Байланыш жана интернетке улануу системаларына инвесторлорду кантип тартуу керек? Ички жолдордун абалын кантип жакшыртабыз? Шагым Эрдик автожолун канткенде ремонттого кучубуз жетет? Айылдагы адамдарга таза сууну кантип жеткире алабыз?
|
Бишкек – Ош жолунун потенциалын кантип колдонобуз?
ЖЕР
| Бишкек-Ош жолунун боюндагы жерлерди ишкерлерге кантип тездетип берүү керек? Автоунаа базарын уюштурууга мүмкүнчүлүгү барбы? Элге керектүү базар, соода борборлорун кантип ачышыбыз керек? |
ГЕНЕРАЛДЫК ПЛАН | Айыл өкмөтүнүн тургундарына берилүүчү жерлердин генпландарын кантип тез бекитип беребиз? Жалпы генпланды кантип беките алабыз? |
ТУРИЗМ | Канткенде туризм маселесин чечебиз? Ош – Бишкек жолунун боюнун жээгинде жайгашкан тейлөө кызматтарын кантип атаандаштыктан жеңе алабыз? |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эффективдүүлүгүн кантип жогорулатабыз?
КАДРЛАР
| Айыл өкмөт кызматкерлеринин билим деңгээлин көтөрүү үчүн окуу курстарын кантип уюштурса болот? Айыл өкмөтүнө профессионалдуу адистерди кандай жолдор менен тартса болот? Айыл өкмөт депутаттарынын активдүүлүгүн кантип жогорулатса болот? |
АЙЛЫК АКЫ | Айыл өкмөт аппарат кызматкерлерин айлык акысын кантип көтөрө алабыз? |
ЖАБДУУ | Айыл өкмөткө стол, стул, компьютерлер менен кандайча камсыз кыла алабыз? |
БЮДЖЕТ | Жергиликтүү бюджетке кантип киреше булагын алып келе алабыз? Жергиликтүү салыктарды бюджетке өз убагында кантип топтой алабыз? Арендага алынбай калган жерлерди кандай жол менен иштетүүгө болот? |
СОЦИАЛДЫК МОБИЛИЗАЦИЯ | НПО, жааматтардын санын кантип көбөйтсө болот? |
БАШКА | Айыл кеңештин биримдигин кантип жакшыртууга болот? |
Тандалган критикалык маселелер жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө эң чоң таасир тийгизиши мүмкүн. Муниципалитет баардык маселелерди бир убакта чече албайт жана баардык критикалык маселелер жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө бирдей таасир тийгизбейт, ушуга байланыштуу «критикалык (негизги) жолду», же башкача айтканда жергиликтүү экономикалык маселелерди чечүүдө эң эффективдүү ыкманы аныктоо маанилүү болуп эсептелет.
СТРАТЕГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕРДЕН СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРГА
Критикалык маселелерди аныктагандан кийин, анын арасынан жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө эң чоң таасир кыла турган эле маселелерди тандаш керек. Аны кылыш үчүн критерий колдонулган.
Стратегиялык маселелерди тандоо критерийлери:
маселеЖыйынтыкканатыйжалуу жетүүгө багытталган; маселенин чечилиши калың элди камтыйт; маселе чечилбесе терс натыйжа пайда болот; муниципалитет маселени чече алат жана чечкенге мүмкүнчүлүгү бар; маселени аткарса болот жана өлчөөгө мүмкүн; маселе жалпы элдин колдоосуна ээ.
|
Критикалык маселелерге жана критерийге таянып, чектелген гана стратегиялык маселелер жана анын ичинде бир нече кичи секторлор тандалган:
Стратегиялык маселелер | Кичи секторлор |
Айыл чарбанын эффективдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек? | Айыл чарбаны колдоо инфраструктурасы. Жаңы технологияларды колдонуу. Айыл чарба рыногун жакшыртуу.
|
Жеке ишкердүүлүккө жагымдуу экономикалык чөйрөнү кантип түзүү керек? | Бизнести колдоо инфраструктурасы. Инвестицияларды тартуу.
|
Социалдык инфраструктураны кантип өнүктүрүү керек?
| Жакырчылыкты жоюу. Тейлоонун сапаты Ынгайлуу шарт
|
Коопсуз аймакты кантип тузобуз? | тунку жарык |
Коммуналдык тейлоону кантип жогорулатабыз? | Мобилизациялоо |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эффективдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек?
| Административдик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу. Маалыматты камсыздоо.
|
Ушул тандоо аркырлуу жергиликтүү экономикалык өнүгүү эң оптималдуу түрдө ишке ашырылат. Бул стратегияны тандоо болуп эсептелет.
9. СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРГА ЖЕТҮҮ ДОЛБООРЛОРУ
Ар бир стратегиялык максат бир же бир нече долбоор аркылуу ишке ашырылат, ал долбоор эң опималдуу түрдө стратегиялык максатты жетүүгө жардам берет.
Долбоорлор төмөнкү критерийге таянып тандалган.
Долбоорду тандоо критерийлери:
Ишке ашырганга мүмкүн (төмөнкүнү эске алып): каржылоо мүмкүнчүлүгү; уюштуруучулук мүмкүнчүлүгү; техникалык мүмкүнчүлүгү. Салыштырмалуу жөнөкөй жана аткарганга жеңил. Көп элге таасирин тийгизет же көбөйө турган экономикалык пайдага ээ. Стратегиялык максатты натыйжалуу чечет. Өлчөөгө мүмкүн (көрсөткүчтөрдүн жардамы менен). Ишке ашырганга жигердүү адамдар бар.
|
Акыркы тандалган чаралар, долбоор жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү эксперттеринин анализдерин негизинде тандалган, анализдер долбоордун таасирин жана баасын камтыйт (критерийди карагыла).
Таблица стратегиялык маселелерди, стратегиялык максаттарды, көрсөткүчтөрдү, иш-чараларды, алардын максаттарын жана көрсөткүчтөрүн көрсөтөт.
СТРАТЕГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕР | СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАР | КӨРСӨТКҮЧТӨР | ИШ-ЧАРАЛАР (ДЕЙСТВИЯ) | |
1.АЙЫЛЧАРБА
Айылчарбанын түшүмдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек?
|
Айылчарбада түшүмдүүлүктүжогорулатуу.
|
Негизги дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү.
Айыл чарба иштер аркылуу үйбүлөлөрдүн кирешеси |
1.1 Жаңы технологиялар борбору (Айыл чарбасындагы жаңы технологияларды жайылтуу).
| |
1.3 Куршаб Өнүгүү Борбору (Айыл чарбаны колдоо инфраструктурасын түзүү).
| ||||
2.КИЧИ ЖАНА ОРТО ИШКЕРДҮҮЛҮК
Кантип кичи жана орто ишкердүүлүктү өнүктүрүү керек? |
Кичи жана орто ишкердүүлүк иштерин көбөйтүү. |
Жергиликтүү жана жергиликтүү эмес фирмалардын саны биринчи жылда 5%, экинчи жылда 10% көбөйүшү
Жумушчу орундардын саны жылына 10% көбөйүшү.
| ||
2.4 Инвестициялык сунуш (Кичи жана орто ички инвесторлорду жана тышкы инвесторлорду тартуу үчүн инвестициялык сунушту иштеп чыгаруу).
|
| |||
3.ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ КЫСКАРТУУ
Коомчулукта жакырчылыкты кантип кыскартуу керек?
|
Жакыр турган элдин турмушун оңдоого жардам берүү. |
Жакырчылык деңгээлин эки жылдын ичинде 45% дан 40% чейин түшүрүү. |
3.5 Киреше табуу мүмкүнчүлүк борбору
(Жакырларга киреше мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу жакырчылыкты жоюу). |
|
4.БАШКАРУУ
Жергиликтүү бийликтин эффективдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек? |
Муниципалитеттин башкаруу потенциалын жакшыртуу - административдик кызматтарды көрсөтүүнүн эффективдүүлүгү |
Кызматтар боюнча ой пикир жана маалымат деңгээли. |
4.6 «Чарба китеп» компьютер системасы
(Административдик чечимдерди кабыл алуу системасын киргизүү)
|
Ар бир иш-чара боюнча ой долбоордун кыскача характеристикасы аркылуу каралган. Бул болсо долбоордун ишке ашырыла тургандыгы боюнча алгачкы маалымат берет. Долбоордун кыскача баяндамасы:
Долбоор 1.1 Жаңы технологиялар борбору
Түшүндүрмө
Глобалдуу дүйнөдө технологиялар дайым өзгөрүп жана жакшырып турат. Мындай көрүнүш айыл чарбада да байкалып турат. Айыл чарбага көп факторлор таасир тийгизет. Кээ бир факторлорду көзөмөлгө алса болот, а кээ бирөөсү көзөмөлгө алынбайт. Жаңы технологиялар ошондой факторлорду көзөмөлдөгөнгө жардам берет. Куршаб айыл өкмөтү жаңы технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбасы бар. Аймакта 2 уроончулук чарба жайгашып, беде, дан эгиндерин остуруудо жана башка айыл аймактын тургундарына тажрыйба алмашууда озгочо орду бар. Көпчүлүк дыйкандар жаңы технологиялардын өздөрүнүн иштеринин эффективдүүлүгүнө маанилүү экенин түшүнүшөт. Куршаб айыл өкмөтүнүн дыйкандары рынокто оз продукцияларынын орду бар экендигин сезип журушот. Мисалы, куруч эккен дыйкандар дайыма рынокто оз продукцияларын тоскоолдуксуз сата алышат. Андан сырткары, асыл тукум мал жандыктарын да багышып, рыноктогу баадан бир нече эсе кымбат саткан фермерлерибиз (жылкы баккандар ж.б.) да жок эмес.
Азыркы учурда бир нече уюмдар жаңы технологияларды айыл чарбада колдонуусун өнүктүрүп жатат. Куршаб Алтын-Дан уроончулук чарбасы бир топ жылдан бери пайдаланылбай жаткан 301 дон ашуун гектар жер аянтын оздоштуруп, калкты азык тулук менен камсыздоо программасында жакындан жардам беруудо. Биринчиден, аймакта жумуш орундары менен камсыздаса, экинчиден жаны агротехнологиялык шарттарды сактап, заманбап техникаларды колдонуп, айыл чарбадагы дыйкандарды тушумду мол алууга, сапаттуу продукция алууга ундоодо.
Муниципалитет жаңы технологиялардан көбүрөөк пайда алыш үчүн дагы активдүүрөөк болуп бардык ресурстарды жумшашы керек. Жөнөкөй эле мисал, кытайлар колдонгон жаңы технологиялар боюнча жарманке, же болбосо көргөзмө уюштурса болот, башка региондорго барып алардын кызыктуу колдонгон технологияларын үйрөнсө болот. Мындай иш аракет жаңы технологиялар боюнча маалыматы жок дыйкандарга чоң салым болоор эле.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: долбоорду ишке ашырыш үчүн көбүнчө адам ресурстары керек жана бул долбоордон потенциалдуу чоң пайда келет. Муниципалитет бул долбоорду толугу менен каржылоого алы жетпейт, ошондуктан ал башка донор уюмдардан айтып кетилген иштерди Куршаб айыл өкмөтүндө өткөзгүлө деп сурансак болот.
Бул долбоордон келе турган пайда: көп дыйкандар жаңы технологияларды колдоно баштайт. Ушундай иш-чаралар айыл чарбалык өндүрүмдүүлүктү көбөйтөт жана дыйкандарга дүйнөлүк экономикада таймашканга мүмкүнчүлүк берет. Башында долбоордун бенефицарлары анча деле көп эмес болушу мүмкүн. Элдерди жаңы технологияны колдонуу жана ага ишендирүү үчүн бир аз убакыт керек. Бир нече гана дыйкандар жаңы технологияларды ийгиликтүү колдоно баштаса, алар башкаларга үлгү болоор эле жана башкалар аларды туурай баштайт.
Жаңы технологияларды колдоонусун өнүктүрүү аябай көп ресурстарды сурабайт жана чоң пайда берүү мүмкүнчүлүгү бар.
АЙЫЛ ЧАРБА |
|
Жаңы технологиялар борбору | |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
Жаңы технологияларды жайылтуу системасын түзүү. Дыйкандарга маалымат берүү системасын жакшыртуу. Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү. Натыйжа: (2 жылдын ичинде 1500 га жерге 250 дыйкан жаңы технологияларды колдонуп дан эгинин өстүрөт; 2 жылдын ичинде 25 үйбүлө жаңы порода эчкилерин жана тоогун колдонот) фермерлердин жаңы технологияны колдонушу өндүрүмдүүлүктү 10% көбөйтөт.
| Жаңы технология борборунун түзүлүшү. Көргөзмөлөрдүн жана жарманкелердин саны. Дан эгиндерин өстүрүүдө жаңы технологияларды колдонгон, жаңы порода эчкисин жана тоогун колдонгон үйбүлөлөрдүн саны. Жаңы технологияны колдонгондон кийин айыл чарба түшүмүнүн көлөмү. |
ДолбоорКуршаб Өнүгүү Борбору
Түшүндүрмө
Куршаб муниципалитети айыл чарбасы, кичи жана орто ишкердүүлүгү бар коомчулук. Эки секторунда тең адамдар өз иштерин кеңейткенге кызыгы бар. Айыл чарбада жана жеке ишкердүүлүктө активдүү адамдар ар кандай тоскоолдуктар менен жолугат. Көпчүлүк тоскоолдуктар дүйнөлүк жана мамлекеттик деңгээлде, бирок алардын кээ бирөөсүн жергиликтүү деңгээлде чечсе болот.
Айыл чарбасы боюнча, айыл чарба продукциялар базарында атаандаштыкта жеңилбеш үчүн ар дайым өндүрүү процессинин эффективдүүлүгүн жакшыртып турушу керек. Мисал үчүн жаңы технологияларды, же каржы кызматтарын, же сатууну уюштурса болот.Глобалдык дүйнөдө жаңы технологиялардын өзгөрүүсүнө, же базардагы талаптын өзгөрүүсүнө тез жооп кылуу оор. Бул болсо белгилүү программаларды эффективдүү колдонуу, же болбосо стратегияны ишке ашырууга жардам бере турган башка уюмдарды же инстуттарды издөө.
Кичи жана орто ишкердүүлүк тармагында бизнес сурактын негизинде: эгерде жергиликтүү шарттар жакшы болсо, анда бизнести алып баруу оңой болуп калат. Муниципалитет кичинекей болгондуктан бизнести колдой турган бир чоң мекеме ачыш оор болот. Бирок ушундай кичинекей коом өзүнүн ресурстарын жакшыраак колдоно алат. Айыл чарбадагыдай эле кичи жана орто бизнести колдогон ар кандай программалар бар. Жөнөкөй эле иштерди кылса болот, мисал үчүн бизнес окуу курстар тууралуу маалымат берүү, же болбосо жалпы эл сураган курстарды айыл өкмөтүндө өткөрүү.
Борбор жеке ишкерлерге жана дыйкандарга да жардам берет. Борбор ар кандай маалыматты башкарат, мүмкүнчүлүктөрдү колдонот, айыл чарба, өндүрүштөр жана жеке ишкерлер менен байланыш түзүп турат. Муниципалитет донор программаларын башкаруу боюнча тажрыйбасы бар, ошондуктан өнүгүү маселелери менен иштөө оңоюраак болот. Ресурстардын чектелгенине жараша жаңы орган түзүү жана жаңы жумушчуну алуу муктаж эмес, борбордо муниципалитетте иштеген кишилерди чогултса болот. Борбор жөн эле жолугушуулар түрүндө болбостон, анын так тапшырмалары жана максаттары болуш керек. Негизги максат болуп дыйкандардын жана жеке ишкерлердин маселелерин чечүүгө жардам берүү болуп саналат. Борбор баардык маселелерди чече албайт, бирок башка уюмдар чече алса алар жөнүндө маалымат берет.
Иштеп жаткан маалымат борбору дагы каралышы керек, ал маалымат борборду чоңойтуп өнүгүү борборун кылса болот.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: долбоорду ишке ашырыш үчүн көп деле каражат коробойт жана потенциалдуу пайда маңыздуу болуп эсептелет.
Долбоорду ишке ашыруу наркы негизинен борбордун формасынан көз каранды болгонуна карабастан, көп көлөмдөгү ресурстар талап кылынбайт. Көбүнчө адамдык ресурстар талап кылынат. Долбоор жаңы адамдарды жумушка алууну талап кылбайт, борбордун иши айыл өкмөттө иштеген адамдар тарабынан аткарылса болот. Абдан маанилүү ресурс – бул иштеп жаткан маалымат борбору. Маалымат борбору кеңейтилиши мүмкүн жана борбордун жайгаша турган ордуна ылайык. Борборду өзү иштетиш үчүн муниципалитеттин ресурстары чектелүү (мисалы, ар кандай иш аракеттерди уюштуруу). Ошондуктан борбор тышкы ресурстарды колдонсо болот. Ушундай бир функциялардын бири (көп акча каражаттарды талап кылбайт) – бул дыйкандар жана ишкерлер үчүн тренингтер, продукцияны сатуу мүмкүнчүлүктөрү, технологиялар, финансы ресурстары боюнча маалыматты камсыз кылуу.
Борбордун пайдасы болуп дыйкан чарбачылыктын, мал чарбачылыктын, балык остуруунун жана жеке ишкердүүлүктүн бат өнүгүшү болуп саналат, анткени алардын өнүгүү пландары колдоого алынат. Көп дыйкан чарбалар жана ишкерлер бул борбордун кызматы менен колдонушу күтүлөт, анткени муниципалитетте активдүү ишкер адамдар бар, алар иштерин кеңейтүү пландары бар. Борборго жардам берүү фирмалардын өнүгүшүнөн көз каранды жана натыйжада жумуш орундарынын пайда болушуна таасир этет жана коомчулуктун башка мүчөлөрүнө да пайда алып келет.
Борборду ачууда дагы бир маанилүү утуш болуп өнүгүү маселелерди башкаруу эсептелет, анын ичинде донордук уюмдар сунуштарын эффективдүү пайдалануу.
|
АЙЫЛ ЧАРБА КИЧИ ЖАНА ОРТО БИЗНЕС |
|
Куршаб Өнүгүү Борбору | |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
Айыл чарбаны, бизнести колдоо борборун ачуу. Жардам берүү аркылуу айыл чарбанын, бизнестин потенциалын жакшыртуу. Айыл чарба бизнеси жана бийлик ортосунда жакшы катнаш түзүү. Донордук программаларды эффективдүү колдонуу Натыйжа: бир жыл ичинде 500 фермер жана ишкер колдоо алат, же болбосо аларга колдоо уюштурулат; жаңы фирмалардын саны, кеңейтилген фирмалардын жана фермалардын саны. өнөктөш/донор уюмдардын саны өсөт. | Борбордун ачылышы. Кеңештин, тренингтердин жана семинарлардын саны. Бизнес мене муниципалитеттин чогуу алып барган иштеринин саны. Борбор аркылуу ачылган фирмалардын, ивестициялык же донордук долбоорлордун саны. Коомго пайдалуу донордук программалардын саны. |
Долбоор Инвестициялык сунуш
Түшүндүрмө
Куршаб айыл өкмөтү Кыргызстандын негизги Бишкек – Ош транспорттук жолунун боюнда, Фергана өрөөнүнүн башында жайгашкан. Транспорт кыймылы жолдо өсүп жатат. Ал жол менен өткөн туристтердин да саны өсүп жатат. Алар жол боюнда жайгашкан тейлөө кызматтарын колдонууга кызыгы өсүшү мүмкүн.
Куршабнын өнүгүүгө жарай турган 15,5 га жери бар, ал инвесторлорго таратылып берилсе болот. Азыркыга чейин муниципалитет жерди көбүнчө ички инвесторлорго аз өлчөмдө берип келе жатат.
Ушул фактылар тышкы инвесторлорду тартууга жетиштүү экенин билүү оор. Ошондуктан оптималдуу чечим кылыш үчүн бош болгон муниципалдык менчикти анализдеп чыгып, аны стратегиялык жол менен колдоо мүмкүнчүлүгүн анализдеш керек.
Алгачкы изилдөөлөрдөн кийин жалаң гана тейлөө кызматтарын кылган борбор эмес, жалпы инвестициялык сунуш долбоору болду. Бул жерде мындай дилемма бар: биринчи кадамда инвесторлордун оюн алып, анан сунуш кылуу керекпи, же тескеринсинчеби. Суроо долбоорду ишке ашырууда чечилет. Мындан сырткары жерди сатуу же арендага берүү боюнча маектер болду, бул жерде мындай чечим кабыл алынды: эгерде жер арендага берилсе, анда инвесторго туруктуу эмес чөйрө түзүлөт, ошондуктан сатыла турган болду. Инвестор жерди сатып алуу менен аны максаттуу колдонуусу маанилүү. Долбоордун дагы бир маанилүү жагдайы – бул жерди чоң инвесторлорго сатуу процедуралары ачык болуш керек.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоордун стратегияга кирген себеби: Куршаб айыл өкмөтү Кыргызстандын Бишкек – Ош транспорттук жол боюнда жайгашуусу жана көп жер ресурстары бар. Инвестициялык сунушту иштеп чыгып, аны жарыялагандын баасы башка долбоорлорго караганда кымбатыраак турат. Муниципалитет Урбан Институттун адистерине кайрылса болот, кыймылсыз мүлктү башкаруу Программанын иши болуп саналат. Жарыяга керектүү каражат жергиликтүү бюджеттен жана донор уюмдарынан суралышы мүмкүн.
Пайда ички жана тышкы инвесторлордон күтүлөт, алар жумуш орундарын ачат жана жергиликтүү казынаны салыктар менен толтурат. Бул долбоордун натыйжасы долбоорду ишке ашыруудан чоңураак болот.
КИЧИ ЖАНА ОРТО БИЗНЕС |
|
Инвестициялык сунуш | |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
Профессионалдуу инвестициялык сунушту иштеп чыгуу. Муниципалдык жерди колдонуп инвесторлорду тартуу. Натыйжа: Жок дегенде 5 жаңы инвестор келет | Инвестициялык сунуш. Кандай жолдор менен таратылышы. Кызыккан инвесторлордун саны. Инвестициялардын саны, түрү жана баасы. |
Долбоор Киреше табуу мүмкүнчүлүк борбору
Түшүндүрмө
Куршаб калкынын 33,3% жакырчылыкта турат. Бул көрсөткүч абдан жогору, эгер ал так болбогон күндө да кырдаал абдан оор.
Адатынча, социалдык камсыздандыруу тармагында бир суроо туулат: адам кантип ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү колдонгусу жана мындай кырдаалды өзгөрткүсү келбей каларын, же болбосо андай мүмкүнчүлүктөр ал аймакта эмне үчүн жок экенин (балким жакыр адамдар ушундай мүмкүнчүлүктөр бар экенин билишпейт) баалоо кыйынга турат. Кээ бир учурларда жакыр адамдар жашоосун оңдогонго тырышпайт, себеби балким алардын кырдаалды өзгөртүү аракеттери бир нече жолу ийгилик менен аяктабай калган. Ошол эле убакта кээ бир адамдар кырдаалды өзгөртүү үчүн эч бир мүмкүнчүлүктөрдү караштырганды каалашкан эмес.
Көп уюмдар каржы каражаттар, тамак–аш менен жакыр үйбүлөлөргө жардам көрсөтөт.
Стратегия жакырчылыктын натыйжасына (жумушсуздук, жакырчылык) эмес, аны пайда кылган факторлорго көңүл бурат. Жакырчылык жана жумушсуздук алсыз экономиканын натыйжасы. Ошондуктан жергиликтүү экономика өнүксө, ал жумуш орундардын пайда болуусуна алып келет. Эгер жумуш орундары болсо, адамдардын кирешеси болот жана жакырчылык деңгээли азаят
Экономиканын өсүшү убакытты талап кылат, инвестор инвестиция кылыш керек, анан бир аздан кийин жумуш орундары ачыла баштайт. Жакырчылыкта турган адам экономиканы өсүшүн кечке күтө албайт, ага чейин ал жашап тирүү турушу зарыл.
Киреше табууга мүмкүнчүлүк берүү борбору абдан уникалдуу, ал башка жакырларга жардам берген уюмдардай эмес. Борбор мүмкүнчүлүктөрдү чогултуп жакыр адамга берет, ал өз учуранда аны колдонуп жашаганга акча табат. Стратегиялык коммитет белгилеген мисалдар: жайында жол боюнда автоунаа жуу, дыйкандарга жардам берүү болуп саналат. Мындай тажрыйба аларды жеке ишкердүүккө үйрөтөт жана жакырчылыкты кыскартат.
Долбоор Куршаб Өнүгүү Борбору аркылуу жана социалдык бөлүмдөрдө иштеген адистер тарабынан аткарылса болот.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: коомчулуктун бир топ бөлүгүнүн проблемасын чечет жана долбоорду ишке ашырыш үчүн көп деле каражат коробойт.
Ишке ашыруу үчүн көбүнчө адамдык ресурстар талап кылынат. Долбоордон пайда алуучулар калктын 50% түзөт.
Баардык жакыр адамдар бул долбоордун кызматы менен колдонуусу күтүлбөйт. Долбоор аябай жакырларга гана жардам берет. Долбоор жакырчылыкты жоюга гана эмес, элдерди жеке ишкердүүлүккө да үйрөтөт.
ЖАКЫРЧЫЛЫК |
|
Киреше табуу мүмкүнчүлүк борбору | |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
Мүмкүнчүлүктөрдү чогултуп жакыр адамга бере турган система түзүү. Жакыр адамдарга жакырчылыктан чыгууга жардам берүү. Натыйжа: жылына 100 үйбүлөгө мүмкүнчүлүк берилет; жылына 102 үйбүлөгө жардам берилет; жылына үйбүлө өз абалын жакшыртат; жакырчылык деңгээли 10% кыскарат. | Системанын түзүлүшү. Берилген мүмкүнчүлүктүн саны. Жардам алгандардын саны. Жакырчылыктан чыккан адамдардын саны. Жакырчылык деңгээли. |
Долбоор «Чарба китеп» компьтер программасы
Түшүндүрмө
Документтерди чарба китебине таянып берүү бул административдик кызматтардын бири. Документ берер астында керектүү документ китептен каралып берилет, буга көп убакыт кетет. Бул маселени чечиш үчүн Сорос фондунун каржылоосунда Укуктук мейкиндик фонду айыл аймагыбызда компьютердик программасын киргизуу алдында турат, мында документ берүү системасы автоматташтырылып, калкты сапаттуу тейлоодо жана убакытты уномдоодо, ачык айкындуулукка жол ачылары корунуп турат.Программага жер маселелер, социалдык маселелер жана каржы боюнча маалыматты камтып, жыйынтыгы менен айыл аймактын маалымат айдынына чыгууга шарт жаралары кутулуудо.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: Чарба китеби атуулдарга ар кандай справкаларды жана башка документтерди берүүдө негизги маалымат базасы болуп эсептелет. Бул процессти автоматташтырып коюу долбоору көп ресурстарды талап кылбайт, программаны орнотуу бекерге турат.
Долбоорду ишке ашырыш үчүн программа жана компьютер керек. Программа бекер, муниципалитет компьютер гана сатып алыш керек жана адистерди даярдаш керек.
Натыйжада баардык тургундар пайда алат. Бул кадам жергиликтүү бийликтин башка иштерин да компьютер менен автоматташтырганга жакшы кадам болуп эсептелет.
БАШКАРУУ |
|
«Чарба китеп» компьютер программасы | |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
Компьютер программасын орнотуу. Документ берүү процедурасын автоматташтыруу. Документ берүүнү жакшыртуу. Натыйжа: Кардарларга документтерди чарба китебинин негизинде берүү формасы жана убактысы кыйла жакшырат. | Системаны ишке ашыруу. Документ берүү убактысы. Административдик кызматтар тууралуу ой пикир. |
Долбоор Коммуналдык тейлоо
Калкты коммуналдык жактан тейлоо, тактап айтканда таза суу менен камсыздоо, жолдо ынгайсыз жараткан участогун ондоп тузоо бул муниципалитеттин негизги милдети аны мыйзам менен да белгилеп корсотуп турат. Эгерде аймакта таза суу койгойу чечилгенде гана, жол маселеси чечилгенде гана аймактагы эн орчундуу маселе чечилгендигин комчулук баары жакшы билишет. Калктын жашоо турмушуна да ушул2 негизги маселе чон ролду ойнойт. Калктын коммуналдык тейлоо багытында долбоорлорду оздорун аралаштыруу менен чечуу женилге турат. Бул багытта Борбордук Азиядагы суу альянсы коомдук бирикмеси таза суу менен камсыз кылуу боюнча бир топ жылдан бери иш алып барып жатса, «Куршаб жаштары» оз ара жардамдашуу тобу аймактагы жолду тактап айтканда эн оор участок деп эсептелинген Эрдик айылынын автожолун комоктошууго даяр экендиктерин билдирип келишет. Бирок, каражат табуу учун донорлор менен кызматташуу жана суйлошуу милдетин жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы алган.
Ал эми Куршаб айылындагы таза суу койгойун чечуу учун ушул тапта айылда ИСКАКБсын тузуу демилгеленип жатат.
Бул койголорду чечуудо каржы жана адамдык ресурс негизги ролду ойнойт. Албетте бул чон койгой жаратканы учун жергиликтуу бюджеттин каржылык ресурсу четтеп калышы ыктымал, себеби аймак дотацияда олтургандыктан, коп каражат болуу ЖОБ органдарына оор маселе. Бул багытта донор уюмдарын тартуу жана алар менен кызматташуу аракетин жасоо керек.
Мисалы 1 км жолду ондоп тузоо, шагыл тошоо, грейдерлоо, тиешелуу арык, копуро сыяктуу маселелерди алганда110 000-140 000 сомдун тегерегинде болору эсептелип чыгарылган.. Аймакта болжол менен 75-90 автоунаа бар. Дайыма тетиктери жараксыз абалга келгендигин, дээрлик ар эки айда автоунааларын ремонт кылышаарын коп айтып, даттанышат. Эгерде Эрдик айылдарына баруучу жол ондолуп калса, Союз мезгилинен бери алгачкы жолу капиталдык ондоо жургузулуп, тоолук туугандарга абдан жагымдуу корунуш болоору маалым.
Ал эми таза суу чыгаруу, айыл ичине алып кируу скважинаны казуу, системанын жайгашуусуна жана айылдын алыстыгына жараша ар кандай олчомдо. Таза суу койгойу да абдан оор. Таза суунун танкыстыгы ар кандай ооруларды алып келуу менен аймакта чон койгойду жаратуу коркунучу бар.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: жол абдан начар абалда. Жол муниципалдык баланста турат. Ал эми бюджет тартыш. Дотацияда олтурабыз. Бир нече ирет КРнын транспорт жана коммуникация министрлигине кат даярдап жонотконубуз менен алар оз балансына ала албай тургандыгын, каржы тартыш экендигин билдиришуудо.
Долбоорду ишке ашырыш үчүн донор уюмдарына кат же атайын долбоор даярдап конкурстарга катышуу керек. Эгерде жол донор уюму тарабынан ондоп тузолсо, калктын жашоо турмушунун денгээлинин жакшыруусуна, айылдар ортосундагы карым катнашты онуктурууго, калктын убакытын экономдоого, жаштарды айылда кармап калуусу учун инфраструктуранын жакшыруусуна жардам берет.
Натыйжада жаны торолгон баладан тартып 90 чыккан акасакалдар да жолдун ондолгонунан пайда табышат. Каттоо женилдейт, жол кире арзандайт. Автоунаа ээлерине женилдиктер болот. Бул кадам жергиликтүү бийликтин калк арасында аброй алып келет.
КОММУНАЛДЫК ТЕЙЛОО |
|
Таза суу, жол, электр энергиясы ж.б. | |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
Калкка таза суу жеткируу. Калкка жолдо журуудо ынгайлуу шарт жаратуу Жаны конуштарга ТПлар менен жана элетр столбалары менен камсыздоо Натыйжа: Мыкты коммуналдык тейлоого жетишуу. | Ден соолук чыналат, оору азаят Убакыт экономдолот, калктын жашоо турмушу чыналат узгултуксуз жарык берилет.
|
Маалымат Системасы
Түшүндүрмө
Элдер менен байланышта туруу жергиликтүү бийликке маанилүү. Бул маалымат берүү гана болуп эсептелбестен, жергиликтүү өз алдынча башкарууну эффективдүү кылыш үчүн дагы керек.
Стратегиялык планды иштеп чыгаруу учурунда эл менен иштөө тажрыйбасы болду, баа берүү отчетунун жыйынтыктары брошюра түрүндө атуулдардын арасында таратылды. Атуулдар буга ыраазы болушту, кээ бирөөсү айыл өкмөткө да келишти. Ушундай сыяктуу кылып элдерге жаңыланган стратегиялык план боюнча маалымат берүү пландар бар. Андан тышкары сурагы өткөрүлдү, анда болсо жеке ишкерлер өздөрүнүн жергиликтүү экономиканын өнүгүшү боюнча ойлорун билдирди.
Бул иштер жетишсиз. Элдерди стратегиянын ар кандай жактарын дагы маалымдаш керек. Бул ар бир долбоордун ичинде кылса болот. Баарын бир система аркылуу уюштурса жакшы болот. Система жасалган кийин стратегия боюнча маалыматты гана эмес маанилүү коомдук маселелерди билдирип турса болот.
Маалымат системасы Куршаб Өнүгүү Борбору аркылуу кылынса болот. Башка ой болсо иштеп жаткан маалымат борборун колдонсо болот.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: долбоор аркылуу элдерди эффективдүү маалымдаса болот. Долбоордун баасы кайсы коммуникация инструменттерин колдонуусунан көз каранды. Бул жерде адамдык гана эмес, каржы каражаттары керек болот. Ал жергиликтүү бюджеттен жана донорлордун жардамы менен ишке ашырылса болот.
Кайсы коммуникация инструменттери эффективдүү экенин долбоорду ишке ашыруу учурунда анализдеш керек.
Бул долбоордон баардык калк пайда алат. Алар бул аркылуу стратегияны кандай ишке ашырылып жатканын мониторлоп турганга мүмкүнчүлүк берет жана алар коомдук иштерге көбүрөөк катыша баштайт. Система киргизилгенден кийин бул стратегия тууралуу гана маалымдоо эмес, башка тапшырмаларды да аткарат.
БАШКАРУУ |
|
Маалымат Системасы | |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
Маалымат борборун түзүү, элди стратегияны ишке ашыруу боюнча маалымдоо. Атуулдарга маалыматты камсыздоо деңгээлин жакшыртуу. Натыйжа: Атуулдар стратегиянын ишке ашышы боюнча маалымат менен жакшыраак камсыздалып турушат. | Маалымат системанын түзүлүшү. Маалымат иштердин саны. Маалымат жеткен атуулдардын саны. Маалымат берүү боюнча элдин ой пикири. |
Долбоор Социалдык инфраструктура
Аймакта жайгашкан айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу багытында бир топ иш аракетер жургузулуудо. Бул жетишсиз. Пландуу жана архитектуралык курулуш нормаларын, аймактын генералдык планына ылайык, бир топ социалдык обьектилерди салуу, жол, тунку жарык, суу системасы, ички жолдорду иретке келтируу, пайдалануу мооноту отуп, авариялык абалга кептелген социалдык обьектилерди ондоп тузоо, капиталдык курулуштарды куруу сыяктуу маселелер арбын. Республикалык бюджеттин эсебинен бир топ обьектилер капиталдык салым беренесинин титулдук тизмесине киргизууго аракеттерди жасалат. Учурда аймакта 2 мектеп, , 1 ФАП авариялык абалда. Биздин максат бул долбоор аркылуу эн негизгисин актуалдуулугун карап чыгып, республикалык бюджеттин эсебинен же донор уюмдарынын каржылоосунун астында тиешелуу курулуш иштерин жургузуп, калкка социалдык тейлоонун сапатын жакшыртуусуна шарт жаратылат.
СОЦИАЛДЫК ИНФРАСТРУКТУРА |
|
Заманбап мектеп, клуб, ФАП, бала бакча | |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
Калкты сапаттуу тейлоо. Социалдык обьектилерде ынгайлуу шарттарды жаратуу Натыйжа: Заманбап, ынгайлуу шартта социалдык кызмат корсотуулорго жетишебиз. | Билим сапаты жогорулайт. Калкты медициналык жактан тейлоо жакышарат Мектепке чейинки билим беруунун абалы жакшырат Маданий жактан калк эс алат. |
Долбоор Тунку жарык
Аймактын негизги кочолоруно тунку жарыкты орнотуу аркылуу аймакта кылмыштуулукту кыскартууга, жол кырсыгын азайтууга жана жарандардын жолдо журуусуно ынгайлуу шарттар жаралат. Бул болсо калктын жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенми кенейет. Демек, муниципалитет бири бири учун кам коруп, алдыда чечилбей жаткан койгойлорду так аныктоого жана оз ара жардамдашууга жол ачышат.
Сурамжылоодо аймакта орун алган койгойлордун копчулугу айрым тутуктордун эскиргендиги, таза суунун жетпей жаткандыгы, жолдун ынгайсыз жараткан участогу же арыктын казылбай суу чайганы жонундо айтышса, тунку жарыктын жоктугу адам олумуно алып келген фактылар, уурулук, же бейбаштык сыяктуу криминалдуу окуялар менен коштолоорун да айтып беришти.
Бул долбоорду чечуудо жергиликтуу бюджеттин кандайдыр бир каражат алуу менен калган болугун калкты мобилизациялоо аркылуу жасаса боло тургандыгын буга чейинки тажрыйбалар тастыктады.
КООПСУЗ АЙМАК |
|
Тунку жарык | |
Долбоор максаттары | Көрсөткүчтөр |
Калк арасында кылмыштуулукту алуу. Жолкырсыгыназайтуужанажарандаргажолдожуруугоынгайлуушартжаратуу Натыйжа: Атуулдар коопсуз аймакта жашаганга шарт тузулот. | Кочолор тунку жарык менен камсыздалат Жарандардын тунку мезгилде кочодо алып журуусун контролдоого болот Кылмыш кыскарат. |
10. ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА МОНИТОРИНГ
Системанын түзүлүшү
Стратегияны жана долбоорлорду ишке ашырууга муниципалитеттин уюштуруу кубаты абдан маанилүү. Көпчүлүк учурда жергиликтүү бийликтер стратегиясын иштеп чыгып, аны ишке ашыра албай калышат. Себеп – ишке ашыруу системасынын жоктугу. Туруктуу аппаратсыз стратегияны ишке ашыруу, мониторлоо, баалоо жана жаңылатуу мүмкүн эмес.
Бул стратегиялык пландын методологиясы үч кадамдан турат. Биринчи кадам бул эски стратегияны баалоо, ал эми экинчи кадам болсо ал стратегияны жаңылатуу болуп эсептелет. Үчүнчү кадам – стратегияны ишке ашыруу системасын түзүү болуп саналат. Системанын функциялары: мониторлоо, баа берүү жана планды жаңылатуу болуп эсептелет. Андан тышкары система жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнүн кээ бир функцияларын аткарат. Системанын формасы муниципалитеттин кубатына жана көлөмүнө жараша болот. Муниципалитетте иштеген бир киши кошумча бул системаны башкарса жана иштетсе болот. Азыркы учурда Кызыл-Октябрда система түзүлөт деп айтыш оор. Ал үчүнчү кадамдан кийин аныкталат. Системанын формасы аныкталгандан кийин ал айылдык кеңеш тарабынан бекитилиши керек.
Долбоордук сунуштарды кийинки кадам катары даярдоо
Стратегиялык максаттарды чечкенге багытталган долбоорлорду аныктаган алгачкы кадамда салыштырмалуу жөнөкөй формада долбоордун түшүндүрмөсү жана картасы иштеп чыгарылды. Бул болсо долбоорлордун ишке ашырыла тургандыгын текшергенге мүмкүнчүлүк берет. Долбоорду ишке ашыруу үчүн анын деталдуурак ишке ашыруу планын иштеп чыгыш керек жана көпчүлүк учурда кайсы ишке ашыруу жолу эффективдүүрөк болорун аныкташ зарыл. Ар бир долбоордун толук долбоордук сунушу болуш керек, ал донорлордон жардам алганда керек болот. Жардам каржы ресурстарын камсыздоо түрүндө, же долбоорду ишке ашыруу жана башкаруу үчүн техникалык колдоо түрүндө болушу ыктымал.
Потенциалдуу ресурстарды стратегияны ишке ашыруу үчүн аныктоо
Куршаб айыл окмотунун жергиликтүү бюджети чектелген. Муниципалитет кээ бир долбоорлорду, же алардын кандайдыр бир бөлүгүн каржылай алат, бирок стратегияны жалаң гана жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашыруу мүмкүн эмес. Мында муниципалитет өзүнүн болгон ресурстарын жыйнап, анан гана донорлор менен суйлошууго бара алат жана жардам сураганга мумкунчулук алат.
Стратегиялык тандоолор жыйынтыктагы максаттарды жетет. Жергиликтүү экономикалык өнүгүү жыйынтыкка жетүүнүн жана Куршаб муниципалитетинин элинин жашоо шартын жакшыртуунун эң эффективдүү жолу деп аныкталды.
Аймактын стратегиялык пландаштыруу комитетинин мүчөлөрү стратегиялык планды иштеп чыгууга зор салым кошушту, жыйынтыкка жетүү жана жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү күчөтүү үчүн эң оптималдуу, натыйжалуу жолду белгилеп беришти. Ал эми жергиликтуу кенештин депутаттары Стратегиялык пландын негизинде стратегиялык иш-чаралардын болжолдуу аткарылышын да бекитишип, аймакты 2014-2017-жыл аралыгында озгорууго алып келе тургандай жагдайды тузууго комоктошушту.
Турмушка ашыруу механизмдери. Программаны сапаттуу жана эффективдүү турмушка ашыруу үчүн төмөнкү механизмдер пайдаланылат:
Гендердик маселелерди эске алуу менен элдердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга ички адам ресурстарын пайдалануу;
Тышкы жана ички инвестициялардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;
Куршаб айыл аймагы аркылуу донорлорго мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү;
Куршаб айыл аймагынын пландаштыруу ишине ар бир айылдын элин катыштыруу. Мында эл өзүнүн үлүштөрүн кошуу менен доолборду турмушка ашырууга катышат;
Куршаб айыл өкмөтүнүн бюджетинен пайдалануу. Мында донор мамлекеттеринин койгон шарттары эске алынат.
Социалдык-экономикалык программаны турмушка ашырууда элдерди кошумча окутуу негизги ролду ойнойт. Элдердин аң сезими өзгөрмөйүнчө жаңыча ишти же реформаларды жүргүзүүгө мүмкүн эмес.
2008-жылдан баштап айылдык кеңештеги түзүлгөн 5 туруктуу комиссияларды, ар бир айылдын өкүлдөрүн туруктуу комиссияларга мүчө кылып көрсөтүү механизми гендердик проблеманы эске алуу менен түзүлдү.
Мониторинг. Онүгүүнүн стратегиялык планынын аткарылышына көзөмөл (мониторинг) жүргүзүү коомчулук, айылдык кеңештин депутаттары, ОЭУ (өкмөттүк эмес уюмдар), көз карандысыз эксперттер жана инвестициялык проектилерди каржылаган донор уюмдар аркылуу ишке ашырылат. Донор уюмдар проектилердин аткарылышына баа беруугө жана көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу. Ал үчүн проектилерди турмушка ашыруу максатында жүргүзүлгөн бардык операциялардын баштапкы финансылык документтери, отчеттору донор уюмдарга көрсөтүлөт.
Куршаб өз алдынча башкаруу органынын башчысы ар кандай проектилерди турмушка ашыруу учурунда, аларга карата жасалган көз көрүнөө каталарды, сын-пикирлерди эске алып, аларды түзөтүү максатында проектилерге ар кандай өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлордү киритет.Проектилер аяктаган соң (ишке киргизилгенден кийин) алар жөнүндө толук отчетту жана баалоону көз карандысыз эксперттердин жана донор уюмдардын кароосуна тапшырат.
Окутууларга (семинар, тренинг) мониторинг жүргүзүү ошол учурдун өзүндө анкета толтуруу аркылуу жүргүзүлөт.
Жыйынтык
Эгерде: айыл чарбада жаңы технологиянын кеңири колдонулса; өнүгүү борбору аркылуу дыйкандар, жеке ишкерлер колдоо алса; заманбап социалдык обьектилер курулса, калкты тейлоо сапаты жакшырса, инвестициялык кенештин сунушу менен, донорлор, инвесторлор аймакка социалдык экономикалык корсоткучторундогу тармактар боюнча тартылса; жакырларга киреше табууга мүмкүнчүлүк берүү борбору ачылса; аймакта коомдук коопсуздук сакталса, кылмыш кыскарса, кочодо журуу маданияты орун алса, жол кырсыгы азайса; заманбап социалдык инфраструктурага жетишсе, калкка сапаттуу социалдык жактан тейлоо болсо, билим сапаты жакшырса, дени сак жашоо образы тузулсо; муниципалитетте жакшы маалымат системасы аркылуу эл ар дайым маалымат менен камсыз болуп турса, Анда: Жыйынтыкка жетуунун кадамдары ишке ашып, жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын коомчулук алдында аброю осуп, социалдык экономикалык корсоткучтор жогорулоо менен калктын бийликке болгон ишеними оркундойт. . Натыйжада: Куршаб айыл аймагынын жашоочуларынын турмуш денгээли, жашоо шарты жакшырып, потенциалы мыкты, жетиштуу инфраструктурада жашаган аймакка айланат.
|
КОРУТУНДУ
Куршаб айыл аймагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы биринчилерден болуп агрардык реформага барып, алгачкылардан болуп иш жузуно ашырган аймак. Бул болсо аймакта алгачкы кыйынчылыктарды басып өтүп, реформа жүргүзүүнүн ар кандай ыкмаларын изилдеп, социалдык-экономикалык кризистен чыгууда алгачкы жамааттык уюмдар менен биргеликте аракет этүүнүн механизмин жактырып, мунун натыйжасында ийгиликтерди жаратууга толук мумкунчулугу бар.
Реформаны ийгиликтүү турмушка ашырууда донор уюмдардын, чет элдик мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жардамынан пайдаланууга жетишүү жана ички резервдерди потенциалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алуу денгээлин камсыз кылууда Куршаб айыл аймагынын активи, коомчулук жана жарандык сектор аймакта абалга туура коз салуу менен социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга аракеттерди жасоого белсенип турат.
Биздин потенциалыбыз жетиштуу денгээлде экендигине карабай аймагыбызда коптогон койгойлордун орун алганын баарыбыз билип турабыз. Жакырчылыкты толугу менен жоюуну камсыздоо, коммуналдык тейлоонун сапатын жакшыртуу, социалдык инфраструктура, коопсуз аймакка жетишуу, орто жана чакан бизнести жонго салуу, аймак учун приоритеттуу тармак деп эсептелинген айыл жана мал чарбасын онуктуруу, салык саясаты, аймакты дотациядан чыгаруу сыяктуу маселелердин устундо тынымсыз иштоо тапшырмасы коюлуп турат. Андан сырткары, жарандарды турак жай менен камсыздоо учун жер тилкелерин чечип беруу, аймактын генералдык планына озгортуулорду киргизуу, аймакта жашоочулар учун ынгайлуу шарттарды жаратуу да биздин негизги милдет. Аймакта биз аткара турган иштеркөп экендиги талашсыз. Куршаб айыл аймагынын 2014-2017-жылдарга аймакты онуктуруунун стратегиялык планы биздин муниципалитет учун кызмат кыларына ишенем жана баарыныздарды, донор уюмдарды, коомдук институттарды, коомчулукту кызматташууга чакырабыз.
Ош облусунун Озгон районунун
Куршаб айыл окмотунун башчысы; Б. Оморов