Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-марты № 12
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджеттин бекитүү 2018-2019- жылдарга долбоорун кароо жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджеттин бекитүү 2018-2019- жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселени айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте алдын ала каралып , алардын сунуштарынын негизинде Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) V- кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылы Куршаб айыл өкмөтүнүн бюджеттинин киреше бөлүгү
план 25272,0 миң сомго жана 25805,8миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2017- жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалары
27298,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Айыл өкмөтүнүн 2018-2019 жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрдү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4 . Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери
жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 272,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2017-2018 жылдарга
жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги коргол гон беренелер( эмгек акы,социалдык фондго чегерүү,дары дармек жана милдет түү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр),коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу,тамак аш) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
6.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына теңдөөчү гранттын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багыталсын.
7. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммунал- дык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилигин алышат.
8. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
9. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражат 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттинин кирешесине алынсын.
10. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджетти боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2018-жылдын 1-январына карата 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
11.Айыл өкмөтү тарабынан белгиленүүчү ар бир аныктама 5 сом өлчөмүндө акча каражаты алынып,кассага кириштелсин. Калктын жакыр катмары, согуш ардагерлери , эмгек ардагерлери, батыр энелер,Афган жана Баткен катышуучулары аныктама акысынан бошотулат. Кириштелген акча каражатты кайра айыл өкмөтүнүн иш кагаздар, керектелүүчү концеляриялык товарлар жана компьютердин заправкасы үчүн жумшалсын.
12. Көчөлөргө шагыл төгүү, мамычаларды алуу жана орнотуу , көмүр сатып алуу,асфальт басуу ички каналдарды тазалоо максаттуу жана эффективдүү пайдаланышын көзөмөлдөө атайын убактылуу комиссия түзүлсүн. Комиссия курамы айыл өкмөттөн, депутаттардан жана кызыктар тараптан түзүлсүн. Комиссия мүчөлөрү мыйзам чегинде критерий иштеп чыгышсын, критерийдин негизинде чечим чыгарылсын жана комиссиянын чечиминин негизинде ишке ашырылсын.
13. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2016-жылдан 2017- жылга карата үнөмдөлүп калтырылган 2236,9 миң сом акча каражатты мамлекеттик башкарууга 293,0 миң сом, билим берүүгө 395,0 миң сом, коммуналдык чарба бөлүмүнө 1470,9 миң сом, айыл чарба бөлүмү 78,0 мин сом айылдык кеңештин №13-токтомунун негизинде жумшалсын.
14. Куршаб айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин мобилдик байланышына 40,0 миң сом акча каражаты өкмөттүн буйругу менен жумшалсын.
15.Чөбөрүнүн ар бир башы үчүн берилүүчү 1000(миң)сом сыйлык атайын айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиянын чечиминин жана КРнын Өкмөтүнүн 2016-ж.26-февралындагы №89-токтомунун негизинде берилсин.Комиссия мүчөлөрүнүн курамы: бюджет туруктуу комиссиясынын төрагасы, айылдык кеңештин депутаты, айыл башчы, ветадис, мергенчи, аңчы жана айыл тургундарынан түзүлсүн.
16. Комиссиянын чечими жок аткарылган жумуштар үчүн Куршаб айыл өкмөтү
жооптуу деп табылсын.
17. Ушул токтомдун аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
18. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин
бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |