Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели №14
Эрдик айылына ачык спорт аянтча куруу үчүн жер ажы- ратып берүү жана спорт аянт чага ысым ыйгаруу жөнүндө
Эрдик айылынын жаштарынын айыл аймагынын калктуу участкасынын ичине ачык спорт аянтча куруу жөнүндөгү арызын жана Эрдик айылынын айыл башчысынын маалыматын угуп, карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (алтынчы шайланган) кезексиз VI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сергек жашоого шарт түзүү максатында Эрдик айылынын жаштары үчүн ачык спорт аянтча куруу үчүн 0,2га жер тилкесин ажыратып берүүгө руксат берилсин.
2. Мыйзам чегинде жогорудагы жер тилкесине керектуу иш кагаздарын даярдап бутуруу жана уюштуруу жагы Куршаб айыл өкмөтунун башчысы Б.Оморовго милдеттендирилсин.
3. Өзгөн «Мамкаттоо» башкармалыгынан Өзгөн шаар куруу архитектура башкармалыгынан керектүү болгон иш кагаздарын мыйзамдаштыруу жагы суралсын.
4. Эрдик айылына курулуп жаткан ачык спорт аянтчага Сатывалдыев Абдиназардын ысымы ыйгарылсын.
5. Спорт аянтчаны куруу,ишке ашыруу жагы демөөрчү Сатывалдыевдин үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу жана билим берүү, саламат тыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |