Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели № 15
Эрдик айылынын тургундарын таза суу менен камсыздоо жана келечекте таза суу ишканасын ачуу жөнүндө
Эрдик айылынын тургундарынын таза суу менен камсыздоо жана айыл аймагына келечекте таза суу ишканасын ачуу жөнүндөгү демөөрчү Сатывалдыев Шайырбектин маалыматын угуп, карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (алтынчы шайланган) кезексиз VI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 14-декабрындагы кабыл алган мыйзамынын негизинде Эрдик айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу үчүн керектелүүчү жер тилкесин, таза суу чыкчуу булакты бөлүп берүүгө жана келечекте таза суу ишканасын ачууга руксат берилсин.
2. Мыйзам чегинде таза суу үчүн жер тилкесине жана керектелүүчү таза сууга тиешеси бар райондук,областтык кызматтардын корутундуларынын негизинде керектуу иш кагаздарын даярдап бүтүрүү жана уюштуруу жагы Эрдик айылынын башчысы Түркбаев Урубайга милдеттендирилсин.
3. Экологиялык жана санитардык эпидемиологиялык талаптарына ылайык таза сууну таза, жакшы абалда кармоо жана уюштуруу жагы Эрдик айылынын башчысына милдеттендирилсин.
4. Өзгөн «Мамкаттоо» башкармалыгынан Өзгөн шаар куруу архитектура башкармалыгынан керектүү болгон иш кагаздарын мыйзамдаштыруу жагы суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу жана энергетика, транспорт, байланыш,таза суу,комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |