Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июну № 17
Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасынын Куршаб айылдык аймагына ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо курулмасынын курулушуна макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз VII сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселени Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын жетекчисинин жүргүзүп жаткан иштеринин маалыматын угуп карап чыгып, талкуулап Куршаб айылдык кеңештин VI-чакырылышынын VII сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл аймагынын Куршаб жана Шагым айылдарынын жашоочуларын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана саркынды сууну тазалоо максатында курулуучу жаңы долбоор үчүн Европа өнүктүрүү банкынан «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасы жалпысы- 5 144 000(беш миллион бир жүз кырк төрт миң )евро же бүгүнкү күндөгү курс боюнча 5 774 263(беш мил- лион жети жүз жетимиш төрт миң эки жүз алтымыш үч )АКШ доллары, анын ичинен 71% акча каражаты кайтарымсыз грант түрүндө, 29%ы узак мөөнөтүү он беш жылга жеңилдетилген шарттары менен насыя алууга макулдук берилсин.
2. Насыя алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Куршаб айыл өкмөтүнүн, «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасынын жана Европа өнүктүрүү банкынын ортосунда субкредиттик келишимдерди түзүүгө макулдук берилсин.
3. Куршаб айыл өкмөтү Б.Оморовго Куршаб айыл аймагынын Куршаб жана Шагым айылдарынын жашоочуларын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана саркынды сууну тазалоо максатында жаңыдан куруу долбоорунун алкагында бөлүнүп берилүүчү акча каражатын максаттуу пайдаланышын көзөмөл жүргүзүү, суралган иш кагаздарын өз мөөнөтүндө даярдап берүү жана жакындан көмөктөшүү жагы милдеттендирилсин.
4. «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасынын жетекчилигине таза суу жаңы долбооруна зарыл болгон иш кагаздарын өз убагында даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
5. «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын уюмдаштыруучулар Кеңешинин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– Куршаб айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Сазанов Мамыр Акунович, Топоев Алишер Ураимовичтин ордуна уюмдаштыруучулар Кеңешинин мүчөсү катарында киргизилсин;.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу жана энергетика, транспорт,байланыш,таза суу,комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |