Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июну №18
Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринардык кызмат, мал жандыктарды алдын ала эмдөө, ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ветеринария жөнүндө мыйзамынын негизинде Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринардык кызмат, мал жандыктарды алдын ала эмдөө, ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча жана тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндөгү маселенинин маалыматын угуп, карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз VII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринардык кызматкерлердин эмдөө кызмат акысы вакцинаны өзү сатып алса же мамлекет тарабынан бекер берилсе да төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленсин:
Жылкы 40 сом
Кара мал 40 сом
Кой, эчки 20 сом
Тоок (канаттуулар) 5 сом
Ит мышык 70 сом
Майда жандыктарды (кой эчкини) көзгө тамчылатуу ыкмасы менен эмдөө 10 сом.
2. Малдарды буйрутма менен чакыртып дарылоодо ветеринардык дарыгер өзүн-өзү каржылагандыгына байланыштуу ветеринардык кызматкерлер менен мал ээси өз ара келишим баада жүргүзүлсүн.
3. Малдарды идентификациялоого мал башына: бирка баасы 37сом76 тый. кызмат акысын кошкондо жалпы 70 сомдон белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |