Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июну № 19
Жайыт комитетинин 2016-жылда аткарган иштери, бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету, 2017-жыл үчүн бюджетин жана иш планын жана жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Куршаб айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2016-жылда аткарган иштери, бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету, 2017-жыл үчүн бюджетин, иш планын жана жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени угуп, карап талкуулап чыгып элдик чогулуштардын протоколунун негизинде Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз VII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2016-жылда аткарган иштери, бюджетинин аткарылышы канаттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Малдарды алыскы жайлоого көчүрүү убактысы ыңгайлуу шарт түзүлгөндө көчүрүлсүн, жайыт комитетине жана айыл башчыларына руксат берилген күндөн баштап алыскы жайытка көчүрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Жайыт комитетинин жайыт билет баасы:
Жылкыга- 80 сом . Кара малга- 80 сом. Кой, эчки- 18 сом бекитилсин.
4. Жайыт инфраструктурасын ( жайыт жолдорун, көпүрөлөрүн ж.б.) жакшыр- туу боюнча инвестиция тартуу, жайыт жерлериндеги жайыт өсүмдүктөрүнүн тоют потенциалын жогорулатуу боюнча жайыт комитети иш план иштеп чыксын жана аткаруу жагы милдеттендирилсин.
5. Жайыт комитетинин 2017-жылга мал чарбасын өнүктүрүү жана жайыт башкаруу иш планы бекитилсин.
6. 2017-жылы Куршаб айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жалпы киреше чыгаша бөлүгү 470 720 сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге эмгек акы соцфондго чегерүүгө сунушталсын
8. Казына системасын четтеп өтүү менен каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат, жайыт, финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |