Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-июну № 21
Куршаб таза суу ИСКАКБ аткарып жаткан иштери жана таза суу төлөмдөрүнүн өндүрүлүшү жөнүндө
Куршаб айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы «Куршаб таза-суу» муниципалдык ишканаларынын Куршаб айыл өкмөтүнүн тургундарын тейлөөдө көрсөтүп жаткан иштерин таза суу менен камсыз кылууда 2016-жылда аткарган иштери, жыл ичинде финансылык кыймылы киреше,чыгаша (отчету) жана 2017-жылда аткарылуучу иш чаралар жана алдыдагы милдеттери жөнүндө маселени угуп, карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги VIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Куршаб таза суу ИСКАКБ» 2016-жылда аткарган иштери, отчету эскертүү менен канаттандыраалык деп табылсын.
2. Куршаб айыл өкмөтүндөгү таза суу төлөмдөрүнүн өндүрүлүшү 2017-жылга 30 % аткарылгандыгы белгиленсин. Өндүрүлгөн төлөмдөрдүн эсеп учетун тактап, керектүү журналдарды уюштуруусу Куршаб таза суу ИСКАКБга, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы суу түтүктөрүн (калонкаларды) оңдоп түзөө жана көзөмөлдөө, үнөмдөө максатында ар бир көчөгө кудук жамаатын түзүү, аларды ИСКАКБ менен биргеликте иштөөсүн уюштуруп берүү жагы Куршаб таза суу ИСКАКБне милдеттендирилсин.
4. Куршаб айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуу %ын жогорулатуу максатында «Куршаб таза-суу» муниципалдык ишканасы мурдагы таза суу барбай калган суу түтүктөрүн депутаттык комиссия менен биргеликте текшерип чыгып себептерин анализдеп иш чара түзсүн.
5. Ушул токтомдун аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө энергетика, транспорт,байланыш,таза суу,комуналдык чарба жана финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |