Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-июну № 22
Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылынын С.Абдыраев, Э.Сайназаров көчөлөрүнүн тургундарынын арызы жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылынын С.Абдыраев, Э.Сайназаров көчөлөрүнүн тургундарынын эски ашар жолу менен курулган мечиттин кайрадан жаңы талаптарга жооп бере турган заманбап мечит куруу жана документтерин мыйзамдаштыруу жөнүндөгү 2017-жылдын 5-июнь күнү жазган арызын карап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги VIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылынын С.Абдыраев, Э.Сайназаров көчөлөрүнүн тургундарынын эски мечитти кайрадан жаңы талаптарга жооп бере турган заманбап мечит куруу жана документтерин мыйзамдаштыруу жөнүндөгү 2017-жылдын 5-июнь күнү жазган арызы муктаждыктарын эске алуу менен канааттандырылып,эски мечиттин ордуна жаңы мечит курууга руксат берилсин.
2. С.Абдыраев көчөсүндөгү эски элдик мечитинин тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Оморовго милдеттендирилсин.
3. Керектүү иш кагаз документтерин даярдап берүү жагы Өзгөн архитектура жана шаар куруу башкармасынан жана Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик каттоо башкармасынан суралсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |