Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-июну № 24
«Айылдын ардактуу атуулу» деген наамды ыйгаруу жөнүндө
«Айылдын ардактуу атуулу» деген наамды ыйгаруу жөнүндөгү жобонун, ошондой эле талыкпаган үзүрлүү эмгеги жана калк арасындагы абройу, аткарып жаткан иштери үчүн жана Куршаб айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги VIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл округунун Куршаб айылынын тургуну 14.07.1954- жылы туулган Кадырбаев Тыныбек Токторбаевичке «Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |