Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 03-августу № 27
«Ленинское» байланыш бөлүмүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
«Кыргыз почтасы » мамлекеттик ишканасынын 27.07.2017-ж. №80 кайрылуу катынын жана мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясынын алдын ала карап чыккан жыйынтыгынын негизинде Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги X отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүндөгү жайланышкан «Ленинское » байланыш бөлүмүнүн наамы «Куршаб» байланыш бөлүмү наамына өзгөртүлсүн.
2. Тийиштүү жетекчиликтерден керектүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |