Кыргыз-Ата айылдык кенешинин 2017-жылдын 10-июнундагы № 5-2 «Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин аткарып жаткан иштери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы шайланган) бешинчи сессиясы
2017-жылдын 10-июну № 5-2
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин аткарып жаткан иштери жөнүндө”
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз-Ата айыл өкмөтунун аялдар кеңешинин аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
- Кыргыз-Ата айыл өкмөтунун аялдар кеңеши мындан аркы ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында иш план иштеп чыгышсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада салттар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |