Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июну № 5-5
“Кыргыз-Ата айыл аймагында айыл өкмөтүнө караштуу “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө”
Кыргыз-Ата айыл аймагында айыл өкмөтүнө караштуу “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишкана ачуу жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31- беренесине ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагында калкты таза суу менен камсыз кылуу багытындагы “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишкана ачылсын.
2. “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасын ачуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | К.Назарбаев |