Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июну № 5-7
Кыргыз-Ата айылөкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептоо палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн. Аудиттик текшерүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жана айыл окмотунун карамагындагы бюджеттик мекемелерде болупөттү.
Айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин тууралыгын, мыйзамдуулугун жана нормативдик укуктук актыларга негизделгендигин аудиттик текшерүүдөнөткөргөндө Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамына таянып иш жүргүзүлгөндөгү белгиленген. Аудиттин жүрүшүндө жалпы айыл окмоту боюнча 49,8 мин сомдук материлдык жардамдар тейлөөчү кызматкерлерге эмгекөргүүгө чыккан мезгилдерине эки айлык эмгек акы өлчөмүндө негизсиз төлөнүп берилген, дебитордук карыздын бухгалтердик отчетуна көрсөтүлбөшү 19,9 мин сомду түзгөн.
Кыргыз-Ата айыл окмоту боюнча бюджеттин аткарылышы жана чыгымдалышы боюнча тейлөөчү кызматкерлерге эмгекөргүүгө чыккан мезгилде эки айлык эмгек акыөлчөмүндөгү материлдык жардам төлөөсү токтотулуусу жана дебитордук карыздарды ачык чагылдыруу( ФЭБ башчысы Турдуев. И эсеп бухгалтери Шарипов.Т) эскертилди. Текшерүү учурунда башка финасылык тартип бузуулар бүгүнкү күндө баары ордуна коюлган.
Кыргыз-Ата айыл окмотунун жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы жетишпестиктерди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз-Ата айылөкмөтүндө бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына негиздеп түзүп, бюджеттин эффективдүү жана үнөмдүү пайдаланышын камсыз кылуу үчүн бекитилген методикалык көрсөтмөлөр менен иш алып барууда финансалык тартип бузууларга жол берилгендиги эске алынсын.
2. Аудиттин жыйынтыгы айыл өкмөтүнүн жалпы жыйынында талкууланып, катачылыкка жана кемчилдикке жол берген айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн тейлөөчү кызматкерлеринин эмгекөргүүгө чыккан мезгилдерине материалдык жардамдарды төлөп берүүлөр токтотулсун.
4. Аудиттик текшерүүдөн өткөн Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө:
- бюджеттик каражаттарды максаттуу жана эффективдүү пайдалануу;
- эмгек акыларды эсептөөнү нормативдик актыларга жана тарификацияны негиздеп эсептөө жана тарификацияны туура түзүү;
-жогорудагы текшерүүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу менен бирге, мындан кийин финансалык катачылыктарга жол бербөөнүн үстүндө иш алып баруу жана аткарылган иштердин жыйынтыгын райондук финансы бөлүмүнө маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.
5. Айылөкмөтүнүн финансы бөлүмүнө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бухгалтериялык эсептин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөп, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 192-П буйругуна негиз жаңы план счет менен баланс түзүүнү талап кылуу милдеттендирилсин. Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы көрсөтүлгөн дебитордук карыздардын бухгалтедик баланс отчетторуна кошулбаган суммаларды кошуп отчет түздүрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү, финансалык катачылыктарга
мындан ары жол бербоо боюнча иш чара иштеп чыксын жана материалдык баалуулуктар боюнча жооптуу кызматкерлер менен озгочо иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө айыл кеңешинин экономика, бюджет,салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |