ТоктомКүчүндө

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин 2017-жылдын 10-июнундагы № 5-9 «Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө 2017-жылдын 5 айында тартылган инвестициялар, үлүштүк (дем берүүчү) гранттар жана жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө» токтому

Редакция10.06.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы шайланган) бешинчи сессиясы

2017-жылдын 10-июну № 5-9

“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө 2017-жылдын 5 айында тартылган инвестициялар, үлүштүк (дем берүүчү) гранттар жана жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө”

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө 2017-жылдын 5 айында тартылган инвестициялар, үлүштүк (дем берүүчү) гранттар жана жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31- беренесине ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө 2017-жылдын 5 айында тартылган инвестициялар, үлүштүк (дем берүүчү) гранттар жана жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маалымат канааттандырарлык деп табылсын.
  2.  Айыл аймагындагы жолдорду кеңейтүү, таштандыларды ташып чыгуу боюнча иштерди алып баруу айыл өкмөтүнө, айыл башчыларга милдеттендирилсин.
  3.  Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө айыл кеңешинин экономика, бюджет,салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К.Назарбаев